super.kg logo
  Саясат  

Жогорку Кеңештин депутаты Каныбек Иманалиев: "Бийлик КСДП менен күрөшүп жатат деген сөз жок"

 

Сапар Исаков, Кубанычбек Кулматов, Осмонбек Артыкбаев коррупцияга күнөөлөнүп, УКМК тарабынан камакка алынды. Камалгандардын баары КСДП партиясынын мүчөлөрү экени белгилүү. Ушул кырдаалдан улам жаралган SUPER.KG порталынын "Бийлик коррупционерлер менен күрөшүп жатабы же КСДПчылар мененби?" деген соболуна Жогорку Кеңештин "Ата Мекен" фракциясынан депутаты Каныбек Иманалиев өз жообун айтты.

Депутаттын пикиринде, учурда коррупция менен гана күрөш жүрүүдө.

“Азыр КСДП менен күрөш жүрүп жатат деген сөз жок, күрөш коррупция менен жүрүп жатат. КСДП мурун бийликте турган учурдагы Сапар Исаковдун маселесин Жогорку Кеңеште айтып чыкканбыз, ал эми Осмонбек Артыкбаевди коррупцияга аралашкан деп айта албайм. Кубанычбек Кулматовдун иши менен тааныш эмесмин. Дагы бир айтып коёюн, учурда коррупция менен гана күрөш жүрүүдө, "Ата Мекен" фракциясы да Сапар Исаковдун коррупциялык иштери жөнүндө сессияда кенен айтып чыккан”, - деди Иманалиев.

Экс-президент Алмазбек Атамбаев, Жогорку Кеңештин депутаты Дастан Бекешев, экс-депутат Каныбек Осмоналиев, саясат таануучу Марс Сариев жана Конституциялык палатанын мурдагы судьясы Клара Сооронкулованын пикири бул шилтемеде.


кошулду





 
Урматтуу колдонуучу! Эгер сизде коомчулуктун көңүлүн буруп, талкууну талап кылган жаңылыгыӊыз болсо биз менен бөлүшүӊүз.


 Рубрикадагы соңку кабарлар 

Рейтинг: Рейтинг -1 
Талкуу жабык.
 
Бөлүмдүн статистикасы
соңку 15 мүнөт ичинде колдонуучу (Катталган: , коноктор: ) бул кабарды окуду:

Кабарлардын саны:
195263;
 
Маалымат-маанайшат порталы
2006-2025 © SUPER.KG
Кыргыз Республикасы, Бишкек шаары,
Турусбеков 109/1
SUPER.KG порталына жайгаштырылган материалдар жеке колдонууда гана уруксат.
Жалпыга таратуу SUPER.KG порталынын редакциясынын жазуу түрүндөгү уруксаты менен гана болушу мүмкүн.
p
Рейтинг@Mail.ru
Биз социалдык тармактарда: