super.kg logo
  Саясат  

Жогорку Кеңештин депутаты Дастан Бекешев: "Коррупция аркылуу саясий күрөш болуп жатат"

 

Сапар Исаков, Кубанычбек Кулматов, Осмонбек Артыкбаев коррупцияга күнөөлөнүп, УКМК тарабынан камакка алынды. Камалгандардын баары КСДП партиясынын мүчөлөрү экени белгилүү. Ушул кырдаалдан улам жаралган SUPER.KG порталынын "Бийлик коррупционерлер менен күрөшүп жатабы же КСДПчылар мененби?" деген соболуна Жогорку Кеңештин КСДП фракциясынан депутат Дастан Бекешевдин пикири төмөнкүдөй.

Бекешевдин айтымында, биринчиден коррупция менен күрөштү эл өзү сезиш керек жана азыркы учурда коррупция аркылуу саясий күрөш журүүдө.

"Учурда КСДП менен эмес, коррупция менен күрөшүү болуп жатат. Ачык айтыш керек, коррупция менен күрөштү ар бир жаран сезиш керек. Саясатчыларды камабай деле мектептеги, бала бакчадагы, окуу жайлардагы, жолдордун оңдолуусундагы коррупцияны жоюш керек. Карапайым эл коррупция менен күрөштү өзү көрмөйүн "күрөш болуп жатат" деп айта албайбыз. Учурда КСДПга мүчө болбогон адамдар да кармалууда. Бирок биз көрүп жатабыз, учурда коррупция аркылуу саясий күрөш болуп жатат", - деди Бекешев.

Экс-президент Алмазбек Атамбаев, Жогорку Кеңештин депутаты Каныбек Иманалиев, экс-депутат Каныбек Осмоналиев, саясат таануучу Марс Сариев жана Конституциялык палатанын мурдагы судьясы Клара Сооронкулованын пикири бул шилтемеде.


кошулду





 
Урматтуу колдонуучу! Эгер сизде коомчулуктун көңүлүн буруп, талкууну талап кылган жаңылыгыӊыз болсо биз менен бөлүшүӊүз.


 Рубрикадагы соңку кабарлар 

Рейтинг: Рейтинг -5 
Талкуу жабык.
 
Бөлүмдүн статистикасы
соңку 15 мүнөт ичинде колдонуучу (Катталган: , коноктор: ) бул кабарды окуду:

Кабарлардын саны:
195263;
 
Маалымат-маанайшат порталы
2006-2025 © SUPER.KG
Кыргыз Республикасы, Бишкек шаары,
Турусбеков 109/1
SUPER.KG порталына жайгаштырылган материалдар жеке колдонууда гана уруксат.
Жалпыга таратуу SUPER.KG порталынын редакциясынын жазуу түрүндөгү уруксаты менен гана болушу мүмкүн.
p
Рейтинг@Mail.ru
Биз социалдык тармактарда: