super.kg logo
  Саясат  

Жогорку Кеңеш Жогорку Соттун төрайымы Айнаш Токбаеванын 2017-жылдагы иши боюнча маалыматын эске алды

 

Жогорку Кеңештин 6-июндагы жыйынында Жогорку Соттун төрайымы Айнаш Токбаева 2017-жылдагы иши боюнча маалымат берип, жыйынтыгында депутаттар анын маалыматын эске алуу боюнча токтом кабыл алышты.

Айнаш Токбаева өз баяндамасында сот адилеттигин ишке ашыруу максатында Жогорку Сот тарабынан бир катар негизги багыттар аныкталып, алар боюнча тиешелүү иш-чаралар жүргүзүлгөнүн, анын ичинен сот адилеттигин ишке ашыруунун сапатын жогорулатуу башкы милдеттердин бири болуп санала турганын билдирди. Бирок бир судья бир учурда 65-70 ишти карап жатканын, бул соттук иштердин сапатына терс таасир берип жатканын айтты.

Ал бирдиктүү соттук практика сот адилеттигин ишке ашыруунун сапатын жогорулатууга түздөн-түз өз таасирин тийгизерин белгиледи. "Бирдиктүү соттук практиканы түзүү максатында заманбап технологиялар колдонулууда. Облустук сотторго видео-конференциялык байланыш тутумдары орнотулуп, онлайн режимде жергиликтүү соттордун судьялары менен соттук практикада пайда болгон маселелер талкууланып, мыйзамды туура колдонуу жолдору түшүндүрүлүүдө", - деди Айнаш Токбаева.

Маалым болгондой, Жогорку Сот тарабынан жергиликтүү соттордун судьяларынын ишмердүүлүгүнүн сапаты менен натыйжалуулугун баалоо усулу иштелип чыккан. Ага ылайык, бардык каралган иштердин сапаты жана алардын мыйзамда белгиленген мөөнөттө каралуусу ар квартал сайын бааланат.

Сот тутумунун дагы бир артыкчылыктуу багыттарынын бири катары Жогорку Сот тарабынан электрондук сот өндүрүшүн киргизүү аныкталган. Бул багытта донорлордун жардамы менен бир катар иштер жүргүзүлүп, үч пилоттук сотто автоматташтырылган маалымат тутуму же электрондук сот өндүрүш тутуму ишке киргизилүүдө. Жакын арада мындай усулдарды Бишкек шаарынын биринчи баскычтагы сотторунун баарына киргизүү мерчемделип жатканы белгилүү болду.






 
Урматтуу колдонуучу! Эгер сизде коомчулуктун көңүлүн буруп, талкууну талап кылган жаңылыгыӊыз болсо биз менен бөлүшүӊүз.


 Рубрикадагы соңку кабарлар 

Рейтинг: Рейтинг 0 
Талкуу жабык.
 
Бөлүмдүн статистикасы
соңку 15 мүнөт ичинде колдонуучу (Катталган: , коноктор: ) бул кабарды окуду:

Кабарлардын саны:
195263;
 
Маалымат-маанайшат порталы
2006-2025 © SUPER.KG
Кыргыз Республикасы, Бишкек шаары,
Турусбеков 109/1
SUPER.KG порталына жайгаштырылган материалдар жеке колдонууда гана уруксат.
Жалпыга таратуу SUPER.KG порталынын редакциясынын жазуу түрүндөгү уруксаты менен гана болушу мүмкүн.
p
Рейтинг@Mail.ru
Биз социалдык тармактарда: