super.kg logo
  Саясат  

Алмазбек Атамбаевди КСДПнын тизмесинен чыгаруу демилгеленди. Партиянын жообу

 

Алмазбек Атамбаевди КСДПнын тизмесинен чыгарабыз деген Сагынбек Абдрахманов партиянын тизмесинде жок. Бул тууралуу SUPER.KG порталына партиянын өкүлү Кундуз Жолдубаева билдирди.

"Сагынбек Абдрахманов өзү КСДП партиясынын тизмесинде жок, былтыр жайында саясий кеңештин чечими менен партиядан чыгарылган. Өзү партияда жок болсо партияны кантип кезексиз жыйынга чогултуп, экс-президенттин ишин карамак эле", - деди Жолдубаева.

Айта кетсек, кечээ, 6-июнда Сагынбек Абдрахманов интернетке билдирүү жарыялаган. Анда Абдрахманов КСДП партиясынын кезексиз жыйынын чакырып, Алмазбек Атамбаевди саясий кеңештин төрагалыгынан кетирүү жана партиянын тизмесинен чыгаруу керектигин жазып чыккан.

Сагынбек Абдрахманов - Сүймөнкул Чокморов атындагы коомдук фонддун жетекчиси. Ал 2017-жылы президенттик шайлоого талапкерлигин коюп, кийин "Мен бул шайлоодон утарыма ишенбейм, анткени кол топтоо учурунда көрдүк, азыркы систем Кыргыз жеринде миллионерлер, байлар үчүн гана түзүлүп калыптыр" деп шайлоого катышуудан баш тарткан.






 
Урматтуу колдонуучу! Эгер сизде коомчулуктун көңүлүн буруп, талкууну талап кылган жаңылыгыӊыз болсо биз менен бөлүшүӊүз.


 Рубрикадагы соңку кабарлар 

Рейтинг: Рейтинг 18 
Талкуу жабык.
 
Бөлүмдүн статистикасы
соңку 15 мүнөт ичинде колдонуучу (Катталган: , коноктор: ) бул кабарды окуду:

Кабарлардын саны:
195263;
 
Маалымат-маанайшат порталы
2006-2025 © SUPER.KG
Кыргыз Республикасы, Бишкек шаары,
Турусбеков 109/1
SUPER.KG порталына жайгаштырылган материалдар жеке колдонууда гана уруксат.
Жалпыга таратуу SUPER.KG порталынын редакциясынын жазуу түрүндөгү уруксаты менен гана болушу мүмкүн.
p
Рейтинг@Mail.ru
Биз социалдык тармактарда: