super.kg logo
  Саясат  

Чыныбай Турсунбеков Ысык-Көлдөгү жолдун бүтпөй жатканы үчүн өкмөттү сынга алды

 

"Балыкчы-Тамчы-Корумду жолунун курулушуна каражат өз учурунда бөлүнбөсө, иш 15 жылда дагы бүтпөйт". Мындай пикирин депутат Чыныбай Турсунбеков Жогорку Кеңештин 7-июндагы жыйынында айтты. Турсунбеков жол куруу ишинин созулушу Ысык-Көлгө келген эс алуучуларга тоскоолдук жаратып жатат.

"Жолду куруу иши 3 жылдан бери жүрүп жатат. Бирок кышында токтоп калып, жазында бир аз акча бөлүнүп кайра башталып калат. Жазында иштеп, кышында кайра токтотуп коюп отурсак, жол 15 жылда дагы бүтпөйт", - деди Турсунбеков.

Депутат ошондой эле Бишкекте салынып жаткан жолдордун абалына тынчсыздануусун билдирди. Анын билдиришинче, асфальт жалаң шагыл аралаштырылып салынып жаткандыктан асфальт бир жылга жетпей жараксыз абалга келиши мүмкүн.

"Бишкекте бир топ эле жолдор оңдолуп жатат. Бирок жалаң шагыл аралаштырылып салынып жатат. Аны жаңы технология деп түшүндүрүп жатышат. Жакшылап карап чыксаң, асфальттын астына суу кире турганы байкалат. Бул боюнча адистер өз ойлорун айтышы керек. Асфальт суу кирип жарактан чыкса, аны кайрадан оңдоого туура келет", - деди Турсунбеков.






 
Урматтуу колдонуучу! Эгер сизде коомчулуктун көңүлүн буруп, талкууну талап кылган жаңылыгыӊыз болсо биз менен бөлүшүӊүз.


 Рубрикадагы соңку кабарлар 

Рейтинг: Рейтинг 2 
Талкуу жабык.
 
Бөлүмдүн статистикасы
соңку 15 мүнөт ичинде колдонуучу (Катталган: , коноктор: ) бул кабарды окуду:

Кабарлардын саны:
195263;
 
Маалымат-маанайшат порталы
2006-2025 © SUPER.KG
Кыргыз Республикасы, Бишкек шаары,
Турусбеков 109/1
SUPER.KG порталына жайгаштырылган материалдар жеке колдонууда гана уруксат.
Жалпыга таратуу SUPER.KG порталынын редакциясынын жазуу түрүндөгү уруксаты менен гана болушу мүмкүн.
p
Рейтинг@Mail.ru
Биз социалдык тармактарда: