super.kg logo
  Саясат  

Депутат Зиядин Жамалдинов: "КСДП фракциясынын депутаттарынын көпчүлүгү азыркы бийликти колдоп жатат"

 

Экс-президент, КСДП партиясынын саясий кеңешинин төрагасы Алмазбек Атамбаев билдирүү таратып, партия мүчөлөрү куугунтукка алынып жатканын айтты. Атамбаев жарым жылда оппозицияга айланды, бирок ал жетектеген партиянын парламенттеги фракциясы башкаруучу коалицияда.

Ушул кырдаалдан улам жаралган SUPER.KG порталынын "КСДП партиясы оппозицияда, ал эми Жогорку Кеӊештеги фракциясы башкаруучу коалицияда. Бул саясаттагы эки жүздүүлүк эмеспи?" деген соболуна Жогорку Кеңештин "Өнүгүү-Прогресс" фракциясынан депутаты Зиядин Жамалдинов жооп берди.

Депутат бир партиянын ичинде мындай эки багыттуу көз караш мурда болбогонун, бул нерсеге өзү да түшүнбөй турганын айтты.

"Кечээ мурдагы президент Алмазбек Атамбаев билдирүү жасаптыр, учурда КСДПнын жетекчиси оппозиция катары калууда, ал эми КСДП фракциясы башкаруучу коалицияда турат. Бул жерде чоң маселе тургандай.

КСДП фракциясынын депутаттары партиядан кол үзүп жатат деп айта албайм, андай болгон жок. КСДП фракциясынын депутаттары өкмөттү курашты, көпчүлүгү азыркы бийликти колдоп жатат. Буга чейин партия оппозицияда, ошол партиянын парламенттеги фракциясы башкаруучу коалицияда болгону тарыхта болгон эмес, ошондуктан мага азыр түшүнүксүз болуп жатат", - деди Жамалдинов.

Президенттик аппараттын мурдагы башчысы Фарид Ниязов, журналист Турат Акимов, укук коргоочу Рита Карасартова жана экс-депутаттар Равшан Жээнбеков, Феликс Кулов, Улукбек Кочкоровдун жообу бул шилтемеде.


кошулду





 
Урматтуу колдонуучу! Эгер сизде коомчулуктун көңүлүн буруп, талкууну талап кылган жаңылыгыӊыз болсо биз менен бөлүшүӊүз.


 Рубрикадагы соңку кабарлар 

Рейтинг: Рейтинг 0 
Талкуу жабык.
 
Бөлүмдүн статистикасы
соңку 15 мүнөт ичинде колдонуучу (Катталган: , коноктор: ) бул кабарды окуду:

Кабарлардын саны:
195263;
 
Маалымат-маанайшат порталы
2006-2025 © SUPER.KG
Кыргыз Республикасы, Бишкек шаары,
Турусбеков 109/1
SUPER.KG порталына жайгаштырылган материалдар жеке колдонууда гана уруксат.
Жалпыга таратуу SUPER.KG порталынын редакциясынын жазуу түрүндөгү уруксаты менен гана болушу мүмкүн.
p
Рейтинг@Mail.ru
Биз социалдык тармактарда: