super.kg logo

Багдадда болгон жардыруудан 18 адам көз жумуп, 90дон ашык киши жаракат алды

 

Ирактын борбору Багдаддын Мадинат-Садр деген районунда жардыруу болуп, кырсык кеминде 18 адамдын өмүрүн алган. Бул тууралуу чет элдик маалымат булактары жазууда.

Маалыматка ылайык, жарылуу 6-июнда кечке маал болуп, 90дой адам жаракат алган, алардын арасында балдар да бар. Ирактын Ички иштер министрлигинин маалыматына таянып жазылган кабарда жарылуу согуштук курал жарактардын жарылуусунан улам келип чыккандыгы жазылган.

Жарылуу курал-жарактар сакталган кампадан чыккан, ал мечитке жакын жайгашкандыктан теракт болгон деген да версиялар айтылып жатат. Айрым маалыматтар боюнча, кампадагы куралдарды сыртта токтоп турган унаага ташып жаткан учурда жарылуу орун алган. Бул боюнча жергиликтүү коопсуздук мекемелери иштеп жатат, полициянын маалыматында куралдар кайсы бир куралдуу топко тиешелүү болгон.

"Жарылуудан шииттердин популист диниятчысы жана топтун башчысы Муктада ал-Садрдын тарапташтарынын үйлөрү талкаланган. 12-майда өткөн парламенттик шайлоодо Садрдын тарапташтары көпчүлүк орунга ээ болгон. Азырынча Ирак бийлиги кырсык куралдардын жарылуусунан келип чыкканбы же теракт болгонбу үн ката элек", - деп жазылат маалыматта.






 
Урматтуу колдонуучу! Эгер сизде коомчулуктун көңүлүн буруп, талкууну талап кылган жаңылыгыӊыз болсо биз менен бөлүшүӊүз.


 Рубрикадагы соңку кабарлар 

Рейтинг: Рейтинг 0 
Комментарийлер(0)
Комментарий калтыруу үчүн өз ысымыңыз менен кириңиз же каттоодон өтүңүз.
 
 
Бөлүмдүн статистикасы
соңку 15 мүнөт ичинде колдонуучу (Катталган: , коноктор: ) бул кабарды окуду:

Кабарлардын саны:
195263;
 
Маалымат-маанайшат порталы
2006-2025 © SUPER.KG
Кыргыз Республикасы, Бишкек шаары,
Турусбеков 109/1
SUPER.KG порталына жайгаштырылган материалдар жеке колдонууда гана уруксат.
Жалпыга таратуу SUPER.KG порталынын редакциясынын жазуу түрүндөгү уруксаты менен гана болушу мүмкүн.
p
Рейтинг@Mail.ru
Биз социалдык тармактарда: