super.kg logo

Кубанычбек Кулматовдун жактоочусу райондук соттун чечимине нааразы болуп, шаардык сотко арыз жазды

 

Бишкектин экс-мэри, Бажы кызматынын мурдагы башчысы Кубанычбек Кулматовдун жактоочусу Сергей Слесарев шаардык сотко арыз менен кайрылды. Ал буга чейин Кулматов боюнча Биринчи Май райондук сотунун чечимине макул эместигин айтып, жогорку инстанцияга арыз жазарын билдирген.

Маалыматка караганда, жактоочу арызды бүгүн, 7-июнда шаардык сотко тапшырган.

Эске салсак, 5-июнда Бишкектеги Биринчи Май райондук сотунда Кубанычбек Кулматовдун баш коргоо чарасы каралып, ал 28-июнга чейин УКМКнын тергөө абагына камакка алынган.

Ага 18-май күнү Кылмыш-жаза кодексинин 303-беренеси (коррупция) менен кылмыш иши козголуп, айыбы угузулганын УКМКдан маалымдашкан.

Айта кетсек, Кубанычбек Кулматов 2014-жылы Бишкек шаарынын мэри болуп турган кезде Калыс-Ордо конушундагы мектеп жана бала бакчага бөлүнгөн акчаны мыйзамсыз колдонгон деп айыпталууда.






 
Урматтуу колдонуучу! Эгер сизде коомчулуктун көңүлүн буруп, талкууну талап кылган жаңылыгыӊыз болсо биз менен бөлүшүӊүз.


 Рубрикадагы соңку кабарлар 

Рейтинг: Рейтинг 0 
Комментарийлер(0)
Комментарий калтыруу үчүн өз ысымыңыз менен кириңиз же каттоодон өтүңүз.
 
 
Бөлүмдүн статистикасы
соңку 15 мүнөт ичинде колдонуучу (Катталган: , коноктор: ) бул кабарды окуду:

Кабарлардын саны:
195263;
 
Маалымат-маанайшат порталы
2006-2025 © SUPER.KG
Кыргыз Республикасы, Бишкек шаары,
Турусбеков 109/1
SUPER.KG порталына жайгаштырылган материалдар жеке колдонууда гана уруксат.
Жалпыга таратуу SUPER.KG порталынын редакциясынын жазуу түрүндөгү уруксаты менен гана болушу мүмкүн.
p
Рейтинг@Mail.ru
Биз социалдык тармактарда: