super.kg logo

Лейлек районунун акими: "Сел 13 турак жайды өтө чоң зыянга учуратты"

 

Лейлек районунда 9-июнь күнү катуу жааган жамгырдын кесепетинен сел жүрүп, унаа жолдорго кум-шагыл толуп, үйлөрдү суу каптаган. Райондун акими Баймурат Бекмуратов учурда кандай иштер аткарылып жатканын жана кырсыктын кесепети боюнча SUPER.KG'ге айтып берди. Анын айтымында, жалпы 12 үй жана бир бала бакча чоң зыянга учураган.

"Кечээтен бери тактоо иштерин жүргүзүп жатабыз. Өзгөчө кырдаалдар министрлигинин өздүк курамынан жоокерлер келип, сел жүргөн айылдардын тургундары тартылып селдин кесепетин жоюу иштерин улантып жатабыз. Сел Сумбула, Тогуз-Булак, Лейлек жана Катраң айыл өкмөттөрүндө жүргөн. Бирок Лейлек жана Катраң айыл өкмөттөрү чоң зыянга учураган. Учурда Катраң айыл өкмөтүндө тактоо иштерин жүргүзүп, эми Лейлек айыл өкмөтүнө келдик. Бизге белгилүү болгондой, жалпы 12 үй жана бир бала бакча өтө чоң зыянга учураптыр. Андан сырткары тактала элек маалымат боюнча сел эки чарбалык көпүрө менен эки уйду агызып кетсе, 9 чакырым ички чарбалык жол талкаланган", - деди район акими.






Лейлекте сел жүрүп тургундар чатырда жашоого аргасыз

Автор: Айпери Ганыжан кызы
Оператор: Мухамадзиямидин Турдубек уулу
 
Урматтуу колдонуучу! Эгер сизде коомчулуктун көңүлүн буруп, талкууну талап кылган жаңылыгыӊыз болсо биз менен бөлүшүӊүз.


 Рубрикадагы соңку кабарлар 

Рейтинг: Рейтинг 0 
Комментарийлер(4)
10.06.2018. 10:43 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+4
Лейлектин Кок-Таш айылында да катуу сел журуптур, сайда жашагандардын огородторуна сел кирип бактарын эгиндерин жууп кетиптир.
10.06.2018. 11:41 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+2
биздин айылда.да чон сел журуптур лейлек айыл окмоту карасуу айылында 1 бала бакча 3.4 Тупак уй чон зыянга учураптыр
10.06.2018. 16:53 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
Мчс жардам берет 1кг макарон бир шым берип кеткен мага сел жургондо оз эсебимден 50миндей чыгаша болгон2010жылы крнын мчси аман эле болгула озунорду озунор каржылап журобергиле
10.06.2018. 16:56 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
-3
Тим эле фотого тарканына куйосунбубуларга фотоаппарат да жалко
1
Комментарий калтыруу үчүн өз ысымыңыз менен кириңиз же каттоодон өтүңүз.
 
 
Бөлүмдүн статистикасы
соңку 15 мүнөт ичинде колдонуучу (Катталган: , коноктор: ) бул кабарды окуду:

Кабарлардын саны:
195263;
 
Маалымат-маанайшат порталы
2006-2025 © SUPER.KG
Кыргыз Республикасы, Бишкек шаары,
Турусбеков 109/1
SUPER.KG порталына жайгаштырылган материалдар жеке колдонууда гана уруксат.
Жалпыга таратуу SUPER.KG порталынын редакциясынын жазуу түрүндөгү уруксаты менен гана болушу мүмкүн.
p
Рейтинг@Mail.ru
Биз социалдык тармактарда: