Мирбек Атабеков: "Үйлөнүү убактысы келди, буюрса, үйлөнгөнүмдү, тоюмду "Супер-Инфо" гезити аркылуу биле аласыздар"

Популярдуу ырчы Мирбек Атабеков учурда
"Супер-Инфо" гезитинин окурмандары, SUPER.KG порталынын
колдонуучулары жана жалпы күйөрмандарынын суроолоруна түз байланыш аркылуу жооп
берүүдө. Түз байланыш учурунда Асел аттуу окурман Мирбектин ырларын сүйүп
угарын айтып, “качан үйлөнөсүз?” деген суроо берди. Ырчы мырза бул суроону
күткөнүн айтып, “бул күнү болот деп бир убакытты айта албайм. Бирок убакыт келип
калды, Кудай буюрган күнү үйлөнөм. Мен үйлөнгөндө “Супер Инфо” гезити
аркылуу биле аласыздар. Тоюма ушул гезит аркылуу бардык күйөрмандарым күбө болушат. "Жакшылыктын эрте-кечи жок" деген сөз бар эмеспи”,- деди Атабеков. Эгер сиздин да ырчы
мырзага узатчу суроолоруңуз болсо, саат 16:00гө чейин (0312) 47-39-39 номери
аркылуу берсеңиз болот.
Автор: Ширин Жумадилова
Урматтуу колдонуучу! Эгер сизде коомчулуктун көңүлүн буруп, талкууну талап кылган жаңылыгыӊыз болсо биз менен бөлүшүӊүз.
Рубрикадагы соңку кабарлар
Рейтинг:
1

Гезитибиздин ушул санында окуй аласыз.
суроолорду бул жерге калтыра аласыз.