super.kg logo

Койдун башына баңгизат менен акчаны катып абакка киргизүүгө аракет кылгандар кармалды

 

Камак жайына баңгизат жана башка тыюу салынган предметтерди алып кирүүгө аракет кылгандар кармалды. Бул тууралуу бүгүн, 14-июнда ИИМдин басма сөз кызматынан билдиришти.

Маалыматка караганда, СИЗО мекемесиндеги кабыл алуу бөлмөсүндө койдун башынан эки таңгак табылган. Алардын биринде жалпы салмагы 10 грамм спецификалык жыты бар зат, экинчисинде баштыкка оролгон 500 жана 200 номиналындагы бир нече купюра болгон. Баңгизат жана акча катылган азык-түлүктү камакта жаткан Ысык-Көл облусунун 34 жаштагы А.М. аттуу тургунуна алып келишкен.

Экспертизанын корутундусунан кийин алынган зат гашиш экени аныкталган. Мыйзамсыз иш аракетке барган 2 адам колго түшүрүлгөн.

Бул факты боюнча Кылмыш-жаза кодексинин 247-беренесинин 2-бөлүмү (баңгизаттарды мыйзамсыз сактоо, сатуу, жүгүртүү жана ташуу) менен кылмыш иши козголуп, учурда тергөөлөр улантылып жатат.






СИЗОго баңгизат алып кирүүгө аракет кылгандар кармалды

Автор: Айпери Ганыжан кызы
Оператор: Мухамадзиямидин Турдубек уулу
 
Урматтуу колдонуучу! Эгер сизде коомчулуктун көңүлүн буруп, талкууну талап кылган жаңылыгыӊыз болсо биз менен бөлүшүӊүз.


 Рубрикадагы соңку кабарлар 

Рейтинг: Рейтинг 0 
Комментарийлер(4)
14.06.2018. 13:01 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+1
Адамды ыңгайсыз абалда калтырып,баш тамга менен жазбай эле койбойсуздарбы?
Өзү түрмөдө жатып,сыртка салык салып жаткан экенда бейбаш.
Эми шериктериңди да ала жатат экенсиң
14.06.2018. 13:28 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
Камак жайына баңгизат жана башка тыюу салынган предметтерди алып кирүүгө аракет кылгандар,дегенден кийин кармалышты же колго тушту деп жазбайсынарбы адамдын башын айлантпай, толук так жазсанар маалыматтарды
14.06.2018. 20:24 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
М.А деп деле койсоңор болмок беле дейм да
15.06.2018. 09:33 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
Baatirbek81, Туура эле жазган
Модератор admin_superstan түзөттү 2018-06-15 13:15:17
1
Комментарий калтыруу үчүн өз ысымыңыз менен кириңиз же каттоодон өтүңүз.
 
 
Бөлүмдүн статистикасы
соңку 15 мүнөт ичинде колдонуучу (Катталган: , коноктор: ) бул кабарды окуду:

Кабарлардын саны:
195263;
 
Маалымат-маанайшат порталы
2006-2025 © SUPER.KG
Кыргыз Республикасы, Бишкек шаары,
Турусбеков 109/1
SUPER.KG порталына жайгаштырылган материалдар жеке колдонууда гана уруксат.
Жалпыга таратуу SUPER.KG порталынын редакциясынын жазуу түрүндөгү уруксаты менен гана болушу мүмкүн.
p
Рейтинг@Mail.ru
Биз социалдык тармактарда: