super.kg logo
  Спорт  

Криштиану Роналду акыркы мүнөттөрдө киргизген голу менен Португалия курамын жеңилүүдөн сактап калды

 

14-июнда Орусиянын Москва шаарында футбол боюнча 21-Дүйнө биринчилиги старт алды. Ал эми 15-июнда мелдештин 2-күнүндө тайпалык беттештер уланып "В" тайпасындагы Португалия менен Испания курама командалары беттешет. Беттеш Сочи шаарындагы "Фишт" стадионунда орун алууда.

23:50 Португалия курама командасынын тизмеси:

Дарбазачы: Руй Патрисиу ("Спортинг" Португалия);

Коргоочулар: Седрик Соареш ("Саутгемптон" Англия), Пепе ("Бешикташ" Түркия), Жозе Фонте ("Далянь Ифан" Кытай), Рафаэл Геррейру ("Боруссия" Дортмунд);

Жарым коргоочулар: Виллиам Карвалью ("Спортинг", Португалия), Жоау Моутинью ("Монако"), Бруну Фернандеш ("Спортинг" Португалия), Адриен Силва ("Лестер Сити", Англия);

Чабуулчулар: Криштиану Роналду ("Реал Мадрид", Испания), Гонсалу Гедеш ("Валенсия" Испания).

Башкы машыктыруучу: Фернанду Сантуш (Португалия).

23:55 Испания курама командасынын тизмеси:

Дарбазачы: Давид де Хеа ("Манчестер Юнайтед" Англия)

Коргоочулар: Жерар Пике, Жорди Альба ("Барселона" Испания), Серхио Рамос, Начо Фернандес, ("Реал Мадрид" Испания),

Жарым коргоочулар: Серхио Бускетс, Андрес Иньеста ("Барселона" Испания), Иско ("Реал Мадрид" Испания), Коке, ("Атлетико Мадрид" Испания), Давид Сильва ("Манчестер Сити" Англия).

Чабуулчулар: Диего Коста ("Атлетико" Испания).

23:57 Командалардын мамлекеттик гимни жаңырып, беттеш бир нече мүнөттөн кийин старт алат.

00:00 Калыстын ышкырыгы жаңырып, дүйнөдөгү мыкты курамалардын таймашы башталды.

00:03 Беттеш башталары менен Португалия курамасы пенальти тебүүгө мүмкүнчүлүк алды. Начо атаандашын өз айып аянтчасында жыгылтып, башкы калыс Жанлука Рокки 11 метрлик сокку узатууга жол берди.

00:04 Пенальтини Роналду аткарып, Давид де Хеанын тосуп алуусуна мүмкүнчүлүк берген жок.

00:10 Испан футболчулары тез арада эсепти тең кылып алууга шашылып жатышат. Давид Сильва Костанын чыгарып берүүсүнөн соң сокку узатты. Бирок Сильванын соккусу таамай болгон жок.

00:12 Алгачкы жолу топту бурчтан чыгарып берүүнү Испаниянын футболчулары аткарды. Иско топту оюнга тез кошуп, алдырып жибергенге үлгүрдү.

00:15 Гонсалу Гедеш оң канаттан сокку узатса, коргоочулар топту тосуп алышты.

00:17 Серхио Бускетс эреже бузуп, сары айып кагазын алды.

00:18 Роналду айып соккуну күчтүү аткарды. Топ футболчулардан түзүлгөн дубалга тийип, топко испаниялыктар ээлик кылып кетишти.

00:20 Иньеста португалиялык коргоочуларды ылдамдык менен алдап өтүп, айып аянтчада Сильвага пас чыгарып берген. Ал эми Сильва таамай сокку узата алган жок.

00:23 Диего Коста өзүнүн мыкты чеберчилигин көрсөтүп, 3 коргоочуну алдап эсепти тең кылды.

00:25 Испания футболчуларынын эсепти 1:2 кылуу мүмкүнчүлүгү ишке ашкан жок. Исконун соккусу дарбазанын таякчасына тийип, топ дарбазага кирбей калды.

00:27 Бруно Фернандеш эреже бузуп сары айып кагазына ээ болду.

00:28 Айып соккуну аткарган Давид Сильва узаткан топ таамай болгон жок. Топ футболчулардан түзүлгөн дубалга тийип калды. Учурда оюн уланууда.

00:31 Беттештин 30-мүнөтү соңуна чыкты. Жарым саат убакытта испаниялыктар 66 пайыз топко ээлик кылса, португалиялыктар топко 34 пайыз ээ болду. Соккулар боюнча 5:3 эсеби менен испаниялыктар алдыда келе жатат.

00:34 Испан футболчулары мыкты оюнун көрсөтүүдө. Иньеста, Жорди Альба жана Иско атаандашынын коргоо бөлүгүн чачыратып, Иньеста сокку узатканга үлгүрдү. Бирок, тилекке каршы, испаниялыктар узаткан топ дарбазага кирбей калды.

00:38 Серхио Бускетс 11 метр аралыктан башы менен сокку узатканга жетишти. Топ дарбазаны ашып өтүп, таамай болгон жок.

00:41 Давид Сильванын пасын кабыл алган Иско дарбазанын жакынкы бурчуна сокку узатканга үлгүрдү. Соккуну көрүп турган дарбазачы секирип тосуп алды.

00:43 Криштиану Роналду эсепти 2:1 кылды. 25 метр аралыктан сокку аткарып, Давид де Хеа тосуп алууга жетишкен жок.

00:45 Жанлукка Рокки негизги убакытка 1 мүнөт кошту.

00:46 Калыстын ышкырыгы жаңырып, 1-тайм аягына келди. 2:1 эсеп менен футболчулар тыныгууга кетишти.

01:02 Оюндун 2-бөлүгү старт алды. Топту оюнга португалиялык футболчулар кошту.

01:05 Испаниялыктар кайрадан топко көбүрөөк ээлик кылып жатса, португалиялыктар контр-чабуулдарды аткарып эсепти алмаштырууга аракет кылып жатышат.

01:10 Моутинью Иньестаны жыгылткандан улам испаниялыктар айып сокку аткармакчы.

01:11 Го-о-ол! Диего Коста 2-голун киргизип, эсепти 2:2 кылды. Айып аянтчага көтөрүлгөн топко Бускетс биринчилерден болуп жетип, Диего Костага башы менен чыгарып берген. Ал эми Коста мүмкүнчүлүктү кетирбей гол киргизгенге үлгүрдү.

01:14 Го-о-ол! Начо Фернандес алыскы аралыктан узаткан кооз соккусу менен эсепти 2:3 кылды.

01:22 Топко португалиялыктар ээлик кылып, чабуулга чыгышты. Бирок топ Роналдуга жетпей, испан футболчулары топту тартып алышты.

01:24 Алгачкы алмаштыруу. Португалиялык машыктыруучу Бруно Фернандештин ордуна Жуан Мариуну чыгарды.

01:26 Бир убакытта 2 адис тең футболчуларын алмаштыруу чечимин кабыл алышты. Португалиялык адис Бернарду Силванын ордуна Рикарду Куарежманы чыгарса, испан машыктыруучусу Иньестанын ордуна Тьяго Алькантараны чыгарды.

01:28 Диего Коста мүмкүнчүлүгүн колдоно алган жок. Мыкты абалдан узаткан соккусу таамай болбой калды.

01:32 Рикарду Куарежма командасына дем берип, португалиялыктарды алдыга чыгарууга аракет жасоодо.

01:33 Испан курамасы 2-алмаштыруусун жасады. 2 голдун ээси Диего Коста оюн талаасын таштап, Яго Аспас оюнга кошулду.

01:36 Португалиянын башкы машыктыруучусу Фернанду Сантуш акыркы алмаштыруусун жасады. Андре Силва Гонсалу Гедештин ордуна оюнга кошулду.

01:43 Оюндагы акыркы алмаштыруу Лукас Васкес Давид Сильванын ордуна оюнга кирди.

01:44 Жерар Пике эреже бузуп, португалиялыктар айып сокку аткарышат.

01:45 Айып соккуну Криштиану Роналду мыкты аткарып, эсепти 3:3 кылып кетти. Муну менен Роналду Дүйнө чемпиондугунун алкагындагы алгачкы беттешинде эле 3 гол жаратканга үлгүрдү.

01:46 Жанлука Рокки негизги убакытка кошумча 4 мүнөт кошту.

01:51 Калыстын ышкырыгы жаңырып эки мыкты команданын оюну соңуна жетти. Муну менен Португалия жана Испания курама командалары 1 упайдан топтоп, "В" тайпасында 2-орунду ээлешти. Ал эми бул тайпада 1-орунга Иран курамасы ээлик кылууда.


кошулду





Дүйнө чемпиондугу-2018: Португалия-Испания (16.06.2018)

 
Урматтуу колдонуучу! Эгер сизде коомчулуктун көңүлүн буруп, талкууну талап кылган жаңылыгыӊыз болсо биз менен бөлүшүӊүз.


 Рубрикадагы соңку кабарлар 

Рейтинг: Рейтинг 2 
Комментарийлер(44)
16.06.2018. 00:57 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+5
Испания алга!!!
16.06.2018. 01:00 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+8
Португалия утатго буюрса
16.06.2018. 02:49 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+5
bilbeim.dordoi,буйруса эсеп 3:3 азырынча кийинкиде порту утат
16.06.2018. 01:01 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+11
Роналду алга
16.06.2018. 01:01 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+3
Португалия алга!!!
16.06.2018. 01:13 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
-6
2 2
16.06.2018. 01:14 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+3
Ренолдого эчким ойнобой эле койбоптурда барибир утатда
16.06.2018. 01:16 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
-1
2 3
16.06.2018. 01:46 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+7
Рон хет трик
16.06.2018. 01:49 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+2
оюн буттубу ким коруп жатат
16.06.2018. 01:49 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+7
тен тен менен буттубу ошондо
16.06.2018. 01:49 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+2
3 3
16.06.2018. 01:52 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+1
эхх Роналдолор утпадыбы
16.06.2018. 01:56 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
-1
Jok utkan jok 3 3 ten boldu buttu o8n
16.06.2018. 01:57 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
-9
ХХХХХХХх жайнайсынар го )))
Модератор admin_superstan түзөттү 2018-06-16 11:20:42
16.06.2018. 02:02 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+5
Dembele84,Конечно Роналдо мыкты оюн корсотуп жатса,сен минус баскында чыгып кет
16.06.2018. 02:03 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+6
Мессынын шестеркаларын коробуз эми. Аз калды. Рон как всегда
16.06.2018. 02:28 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+8
Рональдунун киргизген голдорунун минутасын карасаңар 4-44-88 таң калычтуу.
16.06.2018. 02:43 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
-4
ХХХХХХХ ктрк нормалный алып бере алган жок нтстен кордум жарымын ктрк жадагалса ушул оюндарды нор корсото албайт.Саятташып чирип калган булар
Модератор admin_superstan түзөттү 2018-06-16 11:21:28
16.06.2018. 02:50 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+3
Корсотсо деле жаман не жагат озу
16.06.2018. 17:59 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+1
Chungyz,ошол нормалный корсото албаган учун айтып атам мен.Жондон жон эле суйлогон жокмун
16.06.2018. 02:57 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+1
Иранды ута алабы эми бул экоо
16.06.2018. 12:09 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
MaBoKu, Иранга биринчи оюнунда просто повезло. Марокко командасы күчтүү болчу,оюнчуларына боорум ооруду, акыркы мүнөттө случайно кирген гол, тем более авто гол..
nelya88 түзөттү 2018-06-16 12:13:04
16.06.2018. 03:06 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
-2
Испания эркекче ойноду. Португалия жалан эле эптеп фол, пол кылып отуруп счетту тенеди. Роналду жаман олумуш бала экен.
16.06.2018. 03:10 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+7
Роналдо кадимкидей озгочолонду.Биринчи оюнда эле хет рик.
16.06.2018. 05:01 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
-6
Комментарий калтыргандар баардыгыңар ххх
16.06.2018. 06:31 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+3
1.Стадион "Фитш" эмес "Фишт".
2.Күйөрмандар, бири бирибизди жаман сөздөр менен атабай сылык сөздөр менен жазсак болбойбу? Футболчулар футбол ойнойт да а биякта биз бири бирибизге жалаң эле негатив.
16.06.2018. 07:46 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+2
Эркек экенсиң го Роналду. Ойунду коро алган жокмун бирок супердин баяндоосун окуп коргондой эле болдум окшойт, эмоция менен жазган экен ХХХХХХХХ
Модератор admin_superstan түзөттү 2018-06-16 11:16:25
16.06.2018. 08:26 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+4
Рон баарыбир кучтуулук кылат экен. Алга Португалия
16.06.2018. 13:16 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
Роналду азамат!
16.06.2018. 13:34 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+2
Пай пай паай Рондун айып соккусу
16.06.2018. 15:19 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
Бул матч Ранолдо Испания 3:3 болдуго))
16.06.2018. 18:21 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+1
Испанияны Роналдо жалгыз утуп койгондой эле болду.
16.06.2018. 21:20 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+1
Роналду красавчик! Один в поле воин.
1
2
Комментарий калтыруу үчүн өз ысымыңыз менен кириңиз же каттоодон өтүңүз.
 
 
Бөлүмдүн статистикасы
соңку 15 мүнөт ичинде колдонуучу (Катталган: , коноктор: ) бул кабарды окуду:

Кабарлардын саны:
195263;
 
Маалымат-маанайшат порталы
2006-2025 © SUPER.KG
Кыргыз Республикасы, Бишкек шаары,
Турусбеков 109/1
SUPER.KG порталына жайгаштырылган материалдар жеке колдонууда гана уруксат.
Жалпыга таратуу SUPER.KG порталынын редакциясынын жазуу түрүндөгү уруксаты менен гана болушу мүмкүн.
p
Рейтинг@Mail.ru
Биз социалдык тармактарда: