Ала-Букада кошунасынын үйүнө сабак даярдоо үчүн кеткен окуучу кыз дайынсыз жоголуп, эртеси анын зордукталганы аныкталган
Жалал-Абад облусунун Ала-Бука районунда зордуктоо фактысы катталды. Бул тууралуу Жалал-Абад ОИИБинин басма сөз кызматкери SUPER.KG порталына билдирди.
Маалыматка ылайык, 15-июнь күнү Ала-Бука РИИБине 17 жаштагы кыздын атасы арыз менен кайрылган. Арызда 11-класста окуган окуучу кыз кошунасынын үйүнө барып сабакка даярданам деп кетип, дайынсыз жоголуп кеткен.
"Дайынсыз жоголгон жашы жете элек кызды издөө иштеринин жана ыкчам маалыматтардын натыйжасында, 14-июндан 15-июнга караган түнү 20-25 жаштардагы бейтааныш жигит күч колдонуп зордуктап койгондугу аныкталды. Зордуктаган жаранды аныктоо жана кармоо иштеринин алкагында шектүү катары Ала-Бука районунун Сары-Талаа айылынын 1993-жылы туулган А.Э. аттуу тургуну кармалган. Зордуктоо шектүүнүн Форд Фокс үлгүсүндөгү унаасында болгон. Учурда кылмышка шектүү Ала-Бука РИИБинин убактылуу кармоочу жайына киргизилип, 2 айга камакка алынды. Тергөө иштери жүрүүдө", - деди маалымат катчы.
Ал эми өздүк булактардын билдирүүсүнө караганда, 17 жаштагы кыз менен шектүү кыз-жигит катары мамиле түзүп жүргөн.
кошулду
Жалал-Абадда окуучу кызды зордуктоо фактысы катталды


Анан жигит да куноолуу... ХХХХХХХХХ Баары эле мусулманмын деп тош каккылайт, анан мындай учурда мусулман экени эстен чыгып калат...
Ыймандуу кыздар туну бироонун машинесинде эмне кылат, жооп бергилечи?!!
Догурунуп жатып кызын ошол жигитке турмушка узатпаса, айылынан анын кызын ким эле келин кылгысы келсин, ушакка калып...Эми ата кызын тиги жигитке турмушка бере албаса, анда Москвага жонотот. Кыз токумун жеп калганда бир жигиттин башын айлантып тийип алат.
Кыз дегенин кызга окшоп журсо, интернетте жашап, бир убакта толтура эркек менен суйлошуп, туну кочого чыгып повод бербестен...
Башка сайттарда "туз эфир" кылып алып диванда оонап жатканын, кочодо жургонунон туалетте отурганына чейин корсотуп жатышса, ошол кыздарда ыйман, намыс деген тушунук бар деп ким айта алат?!!
Тиги жигит менен кыз-жигит болуп мамиле тузуп жургон деп жазылып турат го... Уйдон ошол жигитке чыгуу учун сабакты/экзаменди шылтоолоп чыкканы как это не ясно?
Саламатсызбы! Бул маалыматты Жалал-Абад ОИИБи расмий түрдө таратып, алардан алынган гана маалымат жазылган.