super.kg logo

Астротөлгө: 19-июнь күнү төрөлгөн адамдар гиперактивдүү болобу?

 

19-июнь күнү тили буудай кууруган, кызуу кандуу адамдар төрөлөт. Алардын мындай мүнөзү көпчүлүк учурда ойлонбой сүйлөп алган учурда байкалат. Кетирген каталарын, кемчиликтерин моюнуна албай суудан кургак чыгып кетишет. Бирок жардамга кол сунган, мыкты кеңешчилер экенин айта кетпесек болбос.

Ушул күнү жарыкка келген эгиздер бардык адамдарга дем берген ойготкуч, энергия тартуулагыч, гиперактивдүү болушат. Алардын бардык иш-аракети коом тарабынан жакшы пикирлерди топтой алат. Өжөр, чечкиндүү, кандай гана кыйынчылыктар болбосун жеңе билген, күчтүү болушат. Мындан улам алардын кайраттуулугу, максатына карай бет алгандыгы башкаларга үлгү болот. Айымдар катуу мүнөзү, чагылгандай тез чечим кабыл алгандыгы менен айырмаланып, темир айым деген атка татыктуу болушат. Тең укуктуулук, демократия деген түшүнүктү бекем кармагандыктан алардан үй кожойкеси чыкпайт. Ал эми мырзалар өздөрүнүн эркиндикти сүйгөндүгү, мыкты лидерлик мүнөзү менен башкалардын суктануусун жаратат.

Бүгүн төрөлгөн эгиздер айрым учурда тескериленип, талапчыл болуп кетишет. Албетте мындай көк беттик аларга маселе жаратары анык. Алардын ашыкча активдүүлүгү айрымдарга жакса, айрымдардын кыжырын келтирет.






 
Урматтуу колдонуучу! Эгер сизде коомчулуктун көңүлүн буруп, талкууну талап кылган жаңылыгыӊыз болсо биз менен бөлүшүӊүз.


 Рубрикадагы соңку кабарлар 

Рейтинг: Рейтинг 0 
Комментарийлер(0)
Комментарий калтыруу үчүн өз ысымыңыз менен кириңиз же каттоодон өтүңүз.
 
 
Бөлүмдүн статистикасы
соңку 15 мүнөт ичинде колдонуучу (Катталган: , коноктор: ) бул кабарды окуду:

Кабарлардын саны:
195263;
 
Маалымат-маанайшат порталы
2006-2025 © SUPER.KG
Кыргыз Республикасы, Бишкек шаары,
Турусбеков 109/1
SUPER.KG порталына жайгаштырылган материалдар жеке колдонууда гана уруксат.
Жалпыга таратуу SUPER.KG порталынын редакциясынын жазуу түрүндөгү уруксаты менен гана болушу мүмкүн.
p
Рейтинг@Mail.ru
Биз социалдык тармактарда: