super.kg logo

Нарында жол кырсыгынан 8 жаран жаракат алып, бир адам каза болду

 

Нарын облусунда жол кырсыгынан 8 адам жаракат алып, 1 адам каза болду. Бул тууралуу Нарын облусунун Жол кыймылынын коопсуздугун камсыздоо бөлүмүнөн билдиришти.

Жол кырсыгы кечээ, 18-июнь күнү 00:15 чамасында Миң-Булак жана Өрнөк айылдарынын унаа жолунда эки унаа сүзүшкөн.

Москвич үлгүсүндөгү унаанын ичинде айдоочу жана жүргүнчү бара жаткан. Ал эми Volkswagen Jetta унаасында 3 бала жана 4 киши бара жатышкан. Жол кырсыгынын кесепетинен Москвич үлгүсүндөгү унаанын жүргүнчүсү каза болуп, калган жарандар ар кандай жаракаттарды алышып, ооруканага жеткирилген. Учурда жол кырсыгынын келип чыгуу себептери такталууда.

Кырсыктан жабыркагандар:

С.М.1964-жылы туулган;

Б.К. 1969-жылы туулган (айдоочунун аялы окуя болгон жерден каза болгон);

М.Б. 1983-жылы туулган;

Ы.Н. 1986-жылы туулган;

Б.Б. 1983-жылы туулган;

А.Э. 1973-жылы туулган;

Т.Б. 2013-жылы туулган;

Т.Н. 2013-жылы туулган;

Т.Ж. 2006-жылы туулган.






 
Урматтуу колдонуучу! Эгер сизде коомчулуктун көңүлүн буруп, талкууну талап кылган жаңылыгыӊыз болсо биз менен бөлүшүӊүз.


 Рубрикадагы соңку кабарлар 

Рейтинг: Рейтинг 0 
Комментарийлер(0)
Комментарий калтыруу үчүн өз ысымыңыз менен кириңиз же каттоодон өтүңүз.
 
 
Бөлүмдүн статистикасы
соңку 15 мүнөт ичинде колдонуучу (Катталган: , коноктор: ) бул кабарды окуду:

Кабарлардын саны:
195263;
 
Маалымат-маанайшат порталы
2006-2025 © SUPER.KG
Кыргыз Республикасы, Бишкек шаары,
Турусбеков 109/1
SUPER.KG порталына жайгаштырылган материалдар жеке колдонууда гана уруксат.
Жалпыга таратуу SUPER.KG порталынын редакциясынын жазуу түрүндөгү уруксаты менен гана болушу мүмкүн.
p
Рейтинг@Mail.ru
Биз социалдык тармактарда: