super.kg logo

Адвокат: "Кулматовго козголгон экинчи кылмыш иши мыйзамсыз"

 

Бажы кызматынын мурдагы башчысы Кубанычбек Кулматов Кыргыз жарандыгын мыйзамсыз алганы боюнча козголгон кылмыш ишинин алкагында сурак берди. Бул тууралуу журналисттерге кечээ, 19-июнда жактоочусу Сергей Слесарев билдирди.

Жактоочунун айтымында, Кулматовго айып тагыла элек, ал шектүү катары сурак берүүдө.

"Башында "Кулматовдун Орусиянын жарандыгы бар" дешкен, бирок бул аныкталбаган соң "Кыргыз жарандыгын мыйзамсыз алган" деп айыпташты. Менимче, жакында "Кулматовдун төрөлгөнү да мыйзамга туура келбейт" деп айтуусу мүмкүн, анын Кыргыз жараны экендигине УКМКда шектенүү пайда болууда.

Кулматовго "Орусиянын жараны болуп туруп 1990-жылдары Кыргыз жарандыгын алган" деп иш козголду. Мыйзамда көрсөтүлгөн кылмыштын мөөнөтү өтүп кеткен, Кулматовго тагылган берененин мөөнөтү 1 жылдан 3 жылга чейин гана. Ал эми учурда ортодон 20 жылга жакын убакыт өтсө дагы иш мыйзамга карабай козголууда" деди Слесарев.

Айта кетсек, 18-июнда Бажы кызматынын мурдагы башчысы Кубанычбек Кулматовдун баш коргоо чарасы Бишкек шаардык сотто каралып, соттун жүрүшүндө прокурор Кулматовго карата дагы башка кылмыш иш козголгонун айткан. УКМК бул маалыматты тастыктап, Кулматовго экинчи кылмыш иши 14-июнда "Документтерди, мамлекеттик сыйлыктарды, штамптарды, мөөрлөрдү, бланктарды кол менен жасоо, даярдоо, берүү же пайдалануу" жана "Мамлекеттик чек арадан мыйзамсыз өтүү" беренелери менен козголгонун билдирген.

Буга чейин Кубанычбек Кулматовго "коррупция" беренеси боюнча кылмыш иши козголуп, айыбы угузулган. Ал 2014-жылы Бишкек шаарынын мэри болуп турган кезде Калыс-Ордо конушундагы мектеп жана бала бакчага бөлүнгөн акчаны мыйзамсыз колдонгон деп айыпталууда.






 
Урматтуу колдонуучу! Эгер сизде коомчулуктун көңүлүн буруп, талкууну талап кылган жаңылыгыӊыз болсо биз менен бөлүшүӊүз.


 Рубрикадагы соңку кабарлар 

Рейтинг: Рейтинг 0 
Комментарийлер(3)
20.06.2018. 09:39 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+1
Өтүп кеткен ишти чукубай азыркы болуп жаткан ишти карасаңар, Шадиевге окшоп 100 млн доллар бергендерди суу кечирип качыргылада билмексен болуп калгыла эл билбей калат
20.06.2018. 09:47 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
-1
ууру тойгончо жеп олгончо каганат демекчи булардын бети жок эми каганып журо берет мен эмес деп оздорун тааныбай калганча

20.06.2018. 10:44 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
-1
Куйтундап АШАнын доорунда жакшы эле тайрандады
1
Комментарий калтыруу үчүн өз ысымыңыз менен кириңиз же каттоодон өтүңүз.
 
 
Бөлүмдүн статистикасы
соңку 15 мүнөт ичинде колдонуучу (Катталган: , коноктор: ) бул кабарды окуду:

Кабарлардын саны:
195263;
 
Маалымат-маанайшат порталы
2006-2025 © SUPER.KG
Кыргыз Республикасы, Бишкек шаары,
Турусбеков 109/1
SUPER.KG порталына жайгаштырылган материалдар жеке колдонууда гана уруксат.
Жалпыга таратуу SUPER.KG порталынын редакциясынын жазуу түрүндөгү уруксаты менен гана болушу мүмкүн.
p
Рейтинг@Mail.ru
Биз социалдык тармактарда: