super.kg logo
  Саясат  

Экономика илимдеринин доктору Айылчы Сарыбаев: "Эсеп ачуу менен элден акча чогултуу – абсурд"

 

Өкмөт башчы Мухаммедкалый Абылгазиев парламентте отчёт берип жатып, тышкы карыздан кутулуу үчүн атайын эсеп ачыла турганын билдирген. SUPER.KG порталынын тышкы карызды төлөө үчүн элден акча чогултуу туурабы деген соболуна экономика илимдеринин доктору Айылчы Сарыбаевдин жообу төмөнкү.

Сарыбаевдин айтымында, өкмөттүн элден каражат чогултуу үчүн атайын эсеп ачуу максаты жеткен жаңылыштык.

"Өкмөттү дурустап башкара албай коррупцияга батырып, сырткы карызды өстүрүп алып, аны кайра эсеп ачуу менен элден чогултуу – абсурд. Эмне үчүн чоңдор жеп алган акчаны эл төлөшү керек. Эл ансыз деле салык төлөп жатат. Ал эми аткаминерлердин жеген-ичкенин кайра алып, атайын эсепке котортуп, өлкө казынасына төктүрүүнү колдойм. Элден акча чогултуу болбогон нерсе", - деди Сарыбаев.

Жарандык активист Акбалык Жумалиева, экс-депутат Өмүрбек Абдырахманов, депутаттар Максат Сабиров, Бактыбек Райымкулов жана Карамат Орозованын жообу бул шилтемеде.


кошулду





 
Урматтуу колдонуучу! Эгер сизде коомчулуктун көңүлүн буруп, талкууну талап кылган жаңылыгыӊыз болсо биз менен бөлүшүӊүз.


 Рубрикадагы соңку кабарлар 

Рейтинг: Рейтинг 0 
Талкуу жабык.
 
Бөлүмдүн статистикасы
соңку 15 мүнөт ичинде колдонуучу (Катталган: , коноктор: ) бул кабарды окуду:

Кабарлардын саны:
195263;
 
Маалымат-маанайшат порталы
2006-2025 © SUPER.KG
Кыргыз Республикасы, Бишкек шаары,
Турусбеков 109/1
SUPER.KG порталына жайгаштырылган материалдар жеке колдонууда гана уруксат.
Жалпыга таратуу SUPER.KG порталынын редакциясынын жазуу түрүндөгү уруксаты менен гана болушу мүмкүн.
p
Рейтинг@Mail.ru
Биз социалдык тармактарда: