super.kg logo
  Саясат  

Жогорку Кеңештин депутаты Карамат Орозова: "Элдин бийликке болгон ишенимин күчөтүп, андан соң атайын эсеп ачылганы туура болот"

 

Өкмөт башчы Мухаммедкалый Абылгазиев парламентте отчёт берип жатып, тышкы карыздан кутулуу үчүн атайын эсеп ачыла турганын билдирген. SUPER.KG порталынын тышкы карызды төлөө үчүн элден акча чогултуу туурабы деген соболуна КСДП фракциясынан депутат Карамат Орозова жооп берди.

Ал мамлекет жарды болгону менен эл бай экенин белгиледи. "Бай адамдар кайрымдуулук кылсын деген ой менен эсеп ачылып жатат. Бирок мамлекет кызматкерлерине кылмыш иш козголушу жалпы карапайым калктын бийлик адамдарына болгон ишеничин жок кылууда. Социалдык түйүндөрдө "кызматтагы адамдар жесе биз төлөйбүзбү" деген пикирлер жаралууда. Ошондуктан элдин бийликке болгон ишенимин күчөтүү зарыл. Элибиз ары кайрымдуу, ары мекенчил. Ыктыярдуу болуп эсеп ачылса туура эле болот", - деди Орозова.

Жогорку Кеңештин депутаттары Максат Сабиров, Бактыбек Райымкулов, жарандык активист Акбалык Жумалиева, экс-депутат Өмүрбек Абдырахманов, экономика илимдеринин доктору Айылчы Сарыбаевдин пикири төмөнкү шилтемеде.


кошулду





 
Урматтуу колдонуучу! Эгер сизде коомчулуктун көңүлүн буруп, талкууну талап кылган жаңылыгыӊыз болсо биз менен бөлүшүӊүз.


 Рубрикадагы соңку кабарлар 

Рейтинг: Рейтинг 0 
Талкуу жабык.
 
Бөлүмдүн статистикасы
соңку 15 мүнөт ичинде колдонуучу (Катталган: , коноктор: ) бул кабарды окуду:

Кабарлардын саны:
195263;
 
Маалымат-маанайшат порталы
2006-2025 © SUPER.KG
Кыргыз Республикасы, Бишкек шаары,
Турусбеков 109/1
SUPER.KG порталына жайгаштырылган материалдар жеке колдонууда гана уруксат.
Жалпыга таратуу SUPER.KG порталынын редакциясынын жазуу түрүндөгү уруксаты менен гана болушу мүмкүн.
p
Рейтинг@Mail.ru
Биз социалдык тармактарда: