super.kg logo
  Саясат  

Жарандык активист Акбалык Жумалиева: "Карыздан кутулуунун эң туура жолу - мамлекеттен акча жегендерди таап, кайра төктүрүү"

 

Акбалык ЖумалиеваӨкмөт башчы Мухаммедкалый Абылгазиев парламентте отчёт берип жатып тышкы карыздан кутулуу үчүн атайын эсеп ачыла турганын билдирген. SUPER.KG порталынын тышкы карызды төлөө үчүн элден акча чогултуу туурабы деген соболуна жарандык активист Акбалык Жумалиева жооп берди.

Ал тышкы карызды элдин эсебинен төлөө айла кеткендеги иш дейт.

"Мен жалпылап алганда мамлекеттин тышкы карызын жарандардын акча чогултуп төлөө демилгесин туура эле кабыл алдым. Бул идея качан көтөрүлөт деп күтүп жүргөм. Эл буга чейин да бир нече каржылык маселелерди чечип келген. Дача-СУ, оор дартка чалдыккандардын операцияларына акча чогултуп эле келе жатканбыз. Анан эле ошол каражатты мамлекетке чогултууга кантип болбосун. Демилге туура көтөрүлдү. Айрымдар "эмне үчүн чоңдор жесе эл төлөшү керек" деп сындап жатат. Ал да туура. Бирок мындай учурда четте карап турбаш керек. 2019-жылдан баштап Кытайдан алган карыздарыбызды төлөп баштайт экенбиз. Тажикстандын жерин алып койгондой биздин жерге көз артпайт деп ким кепилдик берет? Элибиз бийликтегилер кандай келишим менен карыз алганын да так билбейт. Албетте, тышкы карызды эл эсебинен төлөө айла кеткендин иши деп ойлойм. Эң туура жол - жегендерди таап, камакка отургузуп, акчаны кайра төктүрүү", - деди Жумалиева.

Депутаттар Максат Сабиров, Бактыбек Райымкулов, Карамат Орозова, Таабалды Тиллаев, экс-депутат Өмүрбек Абдырахмановдун жообу бул шилтемеде.


кошулду





 
Урматтуу колдонуучу! Эгер сизде коомчулуктун көңүлүн буруп, талкууну талап кылган жаңылыгыӊыз болсо биз менен бөлүшүӊүз.


 Рубрикадагы соңку кабарлар 

Рейтинг: Рейтинг 4 
Талкуу жабык.
 
Бөлүмдүн статистикасы
соңку 15 мүнөт ичинде колдонуучу (Катталган: , коноктор: ) бул кабарды окуду:

Кабарлардын саны:
195263;
 
Маалымат-маанайшат порталы
2006-2025 © SUPER.KG
Кыргыз Республикасы, Бишкек шаары,
Турусбеков 109/1
SUPER.KG порталына жайгаштырылган материалдар жеке колдонууда гана уруксат.
Жалпыга таратуу SUPER.KG порталынын редакциясынын жазуу түрүндөгү уруксаты менен гана болушу мүмкүн.
p
Рейтинг@Mail.ru
Биз социалдык тармактарда: