super.kg logo
  Саясат  

Жогорку Кеңештин депутаты Бактыбек Райымкулов: "Карыздардан кутулуу үчүн элден акча жыйноо туура эмес"

 

Бактыбек РайымкуловӨкмөт башчы Мухаммедкалый Абылгазиев парламентте отчёт берип жатып тышкы карыздан кутулуу үчүн атайын эсеп ачыла турганын билдирген. SUPER.KG порталынын тышкы карызды төлөө үчүн элден акча чогултуу туурабы деген соболуна депутат Бактыбек Райымкулов жооп берди.

Анын пикиринде, тышкы карыздан кутулуу үчүн алгач өлкөнүн экономикасын көтөрүү керек.

"Буга чейин активдүү жарандар, жаштар тышкы карызды каражат чогултуп төлөө демилгесин көтөрүп чыккан. Жакында эле премьер-министр да Жогорку Кеңеште отчёт берип жатып ушул демилгени айтып өттү. Акыркы учурларда коррупция боюнча бир нече адамдар кармалды. Чынында эле мамлекеттин акчасын ичип-жегендер болсо ошолор акчаны кайтарышы керек. Ошолор аркылуу карыздарды төлөгөн оң. Бирок элден акча жыйноо туура эмес. Ал эми капчыктуу жарандар болсо, бул демилгеге көмөктөшсө болот. Карыздардан кутулуу үчүн мамлекеттин экономикасы жогорулашы керек. Ал үчүн туруктуу өкмөт иштеши шарт", - деди Райымкулов.

Депутаттар Максат Сабиров, Карамат Орозова, Таабалды Тиллаев, экс-депутат Өмүрбек Абдырахманов, экономист Айылчы Сарыбаев жана жарандык активист Акбалык Жумалиеванын жообу бул шилтемеде.


кошулду





 
Урматтуу колдонуучу! Эгер сизде коомчулуктун көңүлүн буруп, талкууну талап кылган жаңылыгыӊыз болсо биз менен бөлүшүӊүз.


 Рубрикадагы соңку кабарлар 

Рейтинг: Рейтинг 3 
Талкуу жабык.
 
Бөлүмдүн статистикасы
соңку 15 мүнөт ичинде колдонуучу (Катталган: , коноктор: ) бул кабарды окуду:

Кабарлардын саны:
195263;
 
Маалымат-маанайшат порталы
2006-2025 © SUPER.KG
Кыргыз Республикасы, Бишкек шаары,
Турусбеков 109/1
SUPER.KG порталына жайгаштырылган материалдар жеке колдонууда гана уруксат.
Жалпыга таратуу SUPER.KG порталынын редакциясынын жазуу түрүндөгү уруксаты менен гана болушу мүмкүн.
p
Рейтинг@Mail.ru
Биз социалдык тармактарда: