super.kg logo

Соңку 4 ай ичинде Ким Чен Ын Кытайга үчүнчү жолу келди

 

Түндүк Кореянын лидери Ким Чен Ын Кытайга үчүнчү жолу келди. Ал эки күндүк сапарында Си Цзиньпин менен жолугуп эки тараптуу карым-катыш абалды талкуулаганы айтылат. Бул тууралуу чет элдик басылмалар жазышууда.

Маалыматка караганда, жолугушуу 19-июнь күнү башталып, кечээ жыйынтыкталган.

Түндүк Корея лидери: “Кытай – биздин улуу эң жакын кошунабыз. Төрага Си Цзиньпин – улуу даражалуу башчы. Сиздер узак убакыттан бери жеке мага, "Корей эмгекчилдер" партиясына жана калкыма колдоо жасап келесиңер”, - деп айткан.

Серепчилер болсо эки ай өтпөй эки өлкө лидеринин кайрадан жолугушканын, алардын мамилеси жаңы баскычка көтөрүлгөнү менен байланыштырышкан.

Соңку 4 ай ичинде Ким Чен Ын Кытайга үчүнчү жолу келиши. Алгачкы бей расмий жолугушуусу 25-28-март күндөрү болгон. Бул Түндүк Корея лидеринин 2011-жылы бийликке келгенден бери биринчи жолу чет өлкөгө жасаган алгачкы сапары. Андан соң 7-8 май күндөрү Кытайдын Далянь шаарында Си Цзиньпин менен Ким Чен Ын экинчи жолу жолугушкан.

Ал арада айрым серепчилер бул жолугушуу Кытай менен АКШнын соода алакасы солгундап турган кезге туш келгени үчүн социалисттик өлкөлөр таасирин башкаларга көрсөтүү ниетинде муну атайын уюштурушкан деген да пикирлерин айткан.






 
Урматтуу колдонуучу! Эгер сизде коомчулуктун көңүлүн буруп, талкууну талап кылган жаңылыгыӊыз болсо биз менен бөлүшүӊүз.


 Рубрикадагы соңку кабарлар 

Рейтинг: Рейтинг 0 
Комментарийлер(0)
Комментарий калтыруу үчүн өз ысымыңыз менен кириңиз же каттоодон өтүңүз.
 
 
Бөлүмдүн статистикасы
соңку 15 мүнөт ичинде колдонуучу (Катталган: , коноктор: ) бул кабарды окуду:

Кабарлардын саны:
195263;
 
Маалымат-маанайшат порталы
2006-2025 © SUPER.KG
Кыргыз Республикасы, Бишкек шаары,
Турусбеков 109/1
SUPER.KG порталына жайгаштырылган материалдар жеке колдонууда гана уруксат.
Жалпыга таратуу SUPER.KG порталынын редакциясынын жазуу түрүндөгү уруксаты менен гана болушу мүмкүн.
p
Рейтинг@Mail.ru
Биз социалдык тармактарда: