super.kg logo

Султан Раевдин "Маң" драмасы Астанадагы эл аралык фестивалдан олжолуу кайтты

 

"Маң" драмасы Астанада өткөн эл аралык “Самгау” театралдык фестивалынан ийгиликтүү кайтты. Бул тууралуу SUPER.KG порталына драманын автору Султан Раев билдирди.

“Фестивалга катышкан 14 драманын ичинен биз эң мыкты үчилтиктин катарына кире алдык. Андан сырткары атайын диплом, статуэтка жана 750 миң теңге акчалай сыйлыгы ыйгарылды. Эң негизгиси, мындай тажрыйба драманы сахналаштырган Нарын драма театрынын жамааты үчүн мыкты стимул болуп бере алды деп ойлойм” , - дейт драматург.

Ал эми Нарын драма театрынын актёру Канат Мамырканов төмөндөгүлөргө токтолду:
"Фестиваль абдан жогорку деңгээлде өттү. Европадан жана КМШ өлкөлөрүнөн бир топ театрлар катышты. Алардын арасынан биздин спектакль жогорку баага татыды. Жетекчибиз Темирлан Сманбеков “Эң мыкты эркектин ролу” номинациясын жеңип алды. Ошондой эле келечекте Нальчик шаарында жана Лондондо өтө турган фестивалдарга чакыруу алып келдик", - деп билдирди актёр.

Спектаклдин режиссёру - Жалил Мидинов. Ал эми драмада Нарын академиялык театрынын таланттуу актёр-актрисалары Темирлан Сманбеков, Анара Жолдошова, Жумабек Мадеминов жана башкалар роль жаратышкан. Аталган драма Бишкек шаарында 27-июндан баштап көрүүчүлөргө тартууланат.






 
Урматтуу колдонуучу! Эгер сизде коомчулуктун көңүлүн буруп, талкууну талап кылган жаңылыгыӊыз болсо биз менен бөлүшүӊүз.


 Рубрикадагы соңку кабарлар 

Рейтинг: Рейтинг 0 
Комментарийлер(0)
Комментарий калтыруу үчүн өз ысымыңыз менен кириңиз же каттоодон өтүңүз.
 
 
Бөлүмдүн статистикасы
соңку 15 мүнөт ичинде колдонуучу (Катталган: , коноктор: ) бул кабарды окуду:

Кабарлардын саны:
195263;
 
Маалымат-маанайшат порталы
2006-2025 © SUPER.KG
Кыргыз Республикасы, Бишкек шаары,
Турусбеков 109/1
SUPER.KG порталына жайгаштырылган материалдар жеке колдонууда гана уруксат.
Жалпыга таратуу SUPER.KG порталынын редакциясынын жазуу түрүндөгү уруксаты менен гана болушу мүмкүн.
p
Рейтинг@Mail.ru
Биз социалдык тармактарда: