super.kg logo
  Саясат  

Депутат Орозова вице-премьер Замирбек Аскаровду кызматтан алууну сунуштады

 

КСДП фракциясынан депутат Карамат Орозова вице-премьер-министр Замирбек Аскаровду кызматтан алууну сунуштады. Бул тууралуу ал бүгүн, 21-июнда Жогорку Кеңештин жыйынында айтты.

Эл өкүлү Аскаровду вице-премьерлик милдетин так аткара албай кыргыз элин экиге бөлүп жатат деп айыптады.

"Кызыл-Кыянын аксакалдары эки-үч жумадан бери өкмөт башчыга кире албай жүргөнү мени өкүндүрөт. Кызыл-Кыя цемент заводу Баткен облусун көтөрүү үчүн курулган. Андан түшкөн пайда Баткен менен Ош облусуна бирдей бөлүнүп келген. Замирбек Аскаров өзүнүн кызмат абалынан пайдаланып цемент заводду Ош облусуна алып бериптир. Аскаровду аталган кызматка иш тажрыйбасы аз экенине карабай аны колдоп бергенбиз. Бирок өзүнүн ишин так билбеген, президенттин саясатына каршы турган жетекчилерди өкмөттө кармап отуруунун кажети жок. Тез арада аны кызматтан бошотуу зарыл", - деди депутат.






 
Урматтуу колдонуучу! Эгер сизде коомчулуктун көңүлүн буруп, талкууну талап кылган жаңылыгыӊыз болсо биз менен бөлүшүӊүз.


 Рубрикадагы соңку кабарлар 

Рейтинг: Рейтинг 3 
Талкуу жабык.
 
Бөлүмдүн статистикасы
соңку 15 мүнөт ичинде колдонуучу (Катталган: , коноктор: ) бул кабарды окуду:

Кабарлардын саны:
195263;
 
Маалымат-маанайшат порталы
2006-2025 © SUPER.KG
Кыргыз Республикасы, Бишкек шаары,
Турусбеков 109/1
SUPER.KG порталына жайгаштырылган материалдар жеке колдонууда гана уруксат.
Жалпыга таратуу SUPER.KG порталынын редакциясынын жазуу түрүндөгү уруксаты менен гана болушу мүмкүн.
p
Рейтинг@Mail.ru
Биз социалдык тармактарда: