super.kg logo
  Саясат  

Саясий серепчи Марат Казакбаев: "Президенттин командасы жок, али даяр эмес"

 

Фарид Ниязов кеткенден бери президенттин аппарат башчысынын орду бош турат. SUPER.KG порталынын бул кызматка татыктуу кадр жокпу же башка себеби барбы деген соболуна саясат таануучу Марат Казакбаевдин жообу төмөндөгүдөй болду.

Саясат таануучунун айтымында, президенттик аппараттын башчысы кызматынын бош калышы туура эмес.

"Фарид Ниязов кеткенден бери бир топ убакыт өттү, негизи өлкө башчы аппаратынын жетекчилигине тез эле башка адамды коюш керек болчу. Учурда суроолор башталды, президент өзүнүн адамдарынан эле коюп койсо болмок. Президент мурунку аппарат башчысын кетирди, эми өзүнүн командасы менен келиши керек болчу, а бирок командасы жок, даяр эмес. Бизде президенттер командасы жок эле келишет, ошондуктан ушул маселелер жаралып жатат. Анын үстүнө бизде кадр саясаты да жок. Ортодо ал кызматтын узак убакытка бош калуусу туура эмес", - деди Казакбаев.

Жогорку Кеңештин депутаттары Аалы Карашев, Жанар Акаев, жарандык активист Адил Турдукулов, саясий серепчи Марс Сариев, Бакыт Бакетаевдин пикири төмөнкү шилтемеде.


кошулду





 
Урматтуу колдонуучу! Эгер сизде коомчулуктун көңүлүн буруп, талкууну талап кылган жаңылыгыӊыз болсо биз менен бөлүшүӊүз.


 Рубрикадагы соңку кабарлар 

Рейтинг: Рейтинг 0 
Талкуу жабык.
 
Бөлүмдүн статистикасы
соңку 15 мүнөт ичинде колдонуучу (Катталган: , коноктор: ) бул кабарды окуду:

Кабарлардын саны:
195263;
 
Маалымат-маанайшат порталы
2006-2025 © SUPER.KG
Кыргыз Республикасы, Бишкек шаары,
Турусбеков 109/1
SUPER.KG порталына жайгаштырылган материалдар жеке колдонууда гана уруксат.
Жалпыга таратуу SUPER.KG порталынын редакциясынын жазуу түрүндөгү уруксаты менен гана болушу мүмкүн.
p
Рейтинг@Mail.ru
Биз социалдык тармактарда: