super.kg logo

Бишкекте жаш манасчылардын кароо-сынагы болуп өттү

 

Бишкекте жаш манасчылардын кароо-сынагы болуп өттү. Бул тууралуу SUPER.KG порталына "Көйкашка" коомдук фондунун төрагасы Азамат Нусупов билдирди.

Маалыматка ылайык, жаш манасчылардын таймашы бүгүн, 21-июнда "Манас" айылында болуп өттү. 5 жаштан 15 жашка чейинки өспүрүмдөр арасында тай чабыш жана 15-25 жашка чейинки жаштар арасында кунан чабыш таймашы орун алды. Жыйынтыгында жалпы 50дөн ашык манасчыга диплом, медаль, китеп жана акчалай сыйлыктар тапшырылды.

"Жети жылдан бери жыл сайын салтка айланган Манас майрамынын быйылкы иш-чарасы "Аймактарды өнүктүрүү" жылына карата өткөрүлдү. Жаш манасчылар арасында 1-орунду Төлөбек Муса уулу, 2-орунду Кутман Садыбакасов, ал эми 3-орунду Белек Бактыбеков ээледи. Сынактын жалпы байге фонду 40 миң сомду түздү", - деп билирди Нусупов.






 
Урматтуу колдонуучу! Эгер сизде коомчулуктун көңүлүн буруп, талкууну талап кылган жаңылыгыӊыз болсо биз менен бөлүшүӊүз.


 Рубрикадагы соңку кабарлар 

Рейтинг: Рейтинг 0 
Комментарийлер(1)
21.06.2018. 19:45 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
Молодцы. Кыргыз Манасчылар!!!
1
Комментарий калтыруу үчүн өз ысымыңыз менен кириңиз же каттоодон өтүңүз.
 
 
Бөлүмдүн статистикасы
соңку 15 мүнөт ичинде колдонуучу (Катталган: , коноктор: ) бул кабарды окуду:

Кабарлардын саны:
195263;
 
Маалымат-маанайшат порталы
2006-2025 © SUPER.KG
Кыргыз Республикасы, Бишкек шаары,
Турусбеков 109/1
SUPER.KG порталына жайгаштырылган материалдар жеке колдонууда гана уруксат.
Жалпыга таратуу SUPER.KG порталынын редакциясынын жазуу түрүндөгү уруксаты менен гана болушу мүмкүн.
p
Рейтинг@Mail.ru
Биз социалдык тармактарда: