super.kg logo

Куудул Борончу Кудайбергенов өзбекстандык артист Обид Асомов менен биргеликте тамаша-күлкү менен коштолгон концертин өткөрдү

 

Бүгүн, 21-июнда куудул Борончу Кудайбергенов менен Өзбекстан Республикасына кызмат көрсөткөн артисти, "Кривое зеркало" теледолбоорунун катышуучусу Обид Асомов Каба уулу Кожомкул атындагы спорт сарайында "Күлкү шоу" аталышындагы концерт беришти. Аталган концерт Кыргыз-Өзбек элинин ынтымагы бекем болсун деген ураанда уюштурулган. Кыргыз жергесине конок катары келген Обид Асомов Бишкек шаарына көптөн бери келбегендиктен шаар абдан өзгөргөнүн белгиледи.

"Мен Борончу Кудайбергенов менен Ошто футбол ойноп жүргөндө таанышып калганбыз. Ошондон бери жакшы мамиледебиз. Мен Кыргыз өлкөсүнө көп келип турам. Бул жактагылар юморду тандабайт, абдан сүйүшөт. Меймандос калк келет. Мен кыргыз сахнасындагы бир нече куудулдар менен жакшы мамиледемин. Бишкекке келгенде шаарды кыдырганга убакыт жок болчу. Кудайга шүгүр, бүгүн машина менен айланып чыктым. Чынын айтсам таң калдым. Борбор шаар аябай өзгөрүптүр. Мага жакты", - дейт Асомов.

Алгач сахнага алып баруучулар чыгып "Кечигип баштаганыбыз үчүн кечирим сурайбыз, эгер тамашабыз жакпаса азабын тартабыз" деп тамашалуу обон созушту. Андан соң сахнага сакадай бою сары алтын Обид Асомов менен Борончу Кудайбергенов чыкты. Көрүүчүлөр кеченин күнөөкөрлөрүн жылуу тосуп алышты. Өзбек куудулунун тамашаларынан үзүндү: "Москванын мэри Сергей Собянин алтын балык кармап алды. 3 каалооңду аткарып берем. Өзбектер менен Кыргыздарды мекенине жибер. Анда балык: "Мен бул каалооңузду аткара албайм. Анткени өзүм Ысык-Көлдөн болом".

Эки элдин куудулдары сатирик Рахман Раззыков жазган "Дворник" аттуу сатираны орус тилинде аткарып, күлкү тартуулашты.

"Бул концертке 1 жарым айдан бери даярдандык. Биздин биринчи максатыбыз - Кыргыз-Өзбек мамилесин бекемдөө. Ал эми экинчиси Орустардын "Кривое зеркало" теледолбоорунда бардык улуттун куудулдары бар. Бир гана калпак кийген кыргыз жок. Бүгүн Обид Асомов экөөбүз орус тилинде сатира аткардык. Аны камерага тартып алды. Буюрса, жакынкы күндөрү материалымды көтөрүп теледолбоордун негиздөөчүлөрүнө жөнөйм", - дейт Кудайбергенов.






Борончу Кудайбергенов: "Концертимде "кривое зеркало" долбооруна жиберчү тамашамды ойнодум"

 
Урматтуу колдонуучу! Эгер сизде коомчулуктун көңүлүн буруп, талкууну талап кылган жаңылыгыӊыз болсо биз менен бөлүшүӊүз.


 Рубрикадагы соңку кабарлар 

Рейтинг: Рейтинг 2 
Комментарийлер(10)
22.06.2018. 01:05 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+3
Жакшы болуптур
22.06.2018. 01:24 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+3
Экөө тең тыпыйып сахнада
22.06.2018. 01:33 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+6
Борончу Обидтин алдында шкаф го)))
22.06.2018. 02:05 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+4
Молодец
22.06.2018. 08:22 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+2
Ийгилик!!! Ийгилик!!! Ийгилик!!!
22.06.2018. 09:57 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
-10
орозо айт куну Борончу Ошто "СЕКОНД ХЕНДДЕ" толтура кийим алып журот эле. Мурдакы Саидмухтор соода борборунда.
22.06.2018. 10:44 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+2
Озу тамашаны созуп аран кулдурчу эленер,ал видеодо жакшы тамаша болсунда,орустарга уят болбой!Гулзат куйдурду итак)
SUPER.KG видео
24.06.2018. 18:30 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
Кривое зеркалонун баркы кетиптир анда,Борончунун уровениндендеги куудулдарды алып башташса
1
Комментарий калтыруу үчүн өз ысымыңыз менен кириңиз же каттоодон өтүңүз.
 
 
Бөлүмдүн статистикасы
соңку 15 мүнөт ичинде колдонуучу (Катталган: , коноктор: ) бул кабарды окуду:

Кабарлардын саны:
195263;
 
Маалымат-маанайшат порталы
2006-2025 © SUPER.KG
Кыргыз Республикасы, Бишкек шаары,
Турусбеков 109/1
SUPER.KG порталына жайгаштырылган материалдар жеке колдонууда гана уруксат.
Жалпыга таратуу SUPER.KG порталынын редакциясынын жазуу түрүндөгү уруксаты менен гана болушу мүмкүн.
p
Рейтинг@Mail.ru
Биз социалдык тармактарда: