super.kg logo

Дарыгер: "Токко урунуп ооруканага түшкөн 8 жашар баланын абалы жакшыра баштады"

 

Кечээ, 21-июнда Жалал-Абад шаарында 8 жашар бала токко урунуп ооруканага түштү. Мындай маалыматты оорукананын дарыгерлери тастыктады.

Дарыгерлер азырынча баланын абалы бир аз жакшырганын айтышып, буларга токтолду.

Токко урунган Н.Н. аттуу 8 жашар бала кечээ, 21-июнда кечки саат 6лар чамасында ооруканага келип түшкөн. Ал ойноп жатып №6-мектептин жанындагы трансформатордун өткөргүчтөрүн кармап алган. Балага алгачкы медициналык жардам көрсөтүлүп, балдар травматологиясы бөлүмүнө жаткырылды. Анын денесинин 12-15 пайызы күйүп калган”, - деди дарыгер.

Ошондой эле Саламаттыкты сактоо министрлигинин Жалал-Абад облусундагы өкүлү Маматжан Миянов ата-энелерди балдарына көңүл буруп, аларды кароосуз калтырбоого чакырды.






 
Урматтуу колдонуучу! Эгер сизде коомчулуктун көңүлүн буруп, талкууну талап кылган жаңылыгыӊыз болсо биз менен бөлүшүӊүз.


 Рубрикадагы соңку кабарлар 

Рейтинг: Рейтинг 0 
Комментарийлер(2)
22.06.2018. 11:47 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+1
Сакайып кетсин.
22.06.2018. 19:40 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+1
Маматжан Миянов ошол мектептин трансформаторун балдар өтбөйтурган кылып курчап коюңуз,анткени ата энелер балдарын мектепке жиберип коюп үйүндө башка жумуш кылат .
1
Комментарий калтыруу үчүн өз ысымыңыз менен кириңиз же каттоодон өтүңүз.
 
 
Бөлүмдүн статистикасы
соңку 15 мүнөт ичинде колдонуучу (Катталган: , коноктор: ) бул кабарды окуду:

Кабарлардын саны:
195263;
 
Маалымат-маанайшат порталы
2006-2025 © SUPER.KG
Кыргыз Республикасы, Бишкек шаары,
Турусбеков 109/1
SUPER.KG порталына жайгаштырылган материалдар жеке колдонууда гана уруксат.
Жалпыга таратуу SUPER.KG порталынын редакциясынын жазуу түрүндөгү уруксаты менен гана болушу мүмкүн.
p
Рейтинг@Mail.ru
Биз социалдык тармактарда: