super.kg logo

ЖЫЛНААМА, 22-ИЮНЬ: Гү Жүн Пө деген каармандын ролу менен атактуулукка жеткен түштүк кореялык актёр, ырчы, модель Ли Мин Хо 31 жашка толду

 

"Мыкты жигиттер" сериалындагы Гү Жүн Пө деген каармандын ролу менен атактуулукка жеткен түштүк кореялык актёр, модель, ырчы Ли Мин Хо бүгүн, 22-июнда 31 жашка толду. Ал 1987-жылы Сеулда төрөлгөн.

Бала кезинде таэквандо менен машыгып, футбол ойногон. Анын келечектеги башкы максаты футболчу болуу эле. Бирок машыгуу учурунда алган жаракаты ал үчүн спорт дүйнөсүнүн эшигин жабат. Ошентип ал "Starhaus Entertainment" агенттиги менен келишим түзөт. Тагыраагы, мода журналдарына тартылып, күнүнө 45 доллар акча табат. Орто мектепти аяктаган соң Конгук университетинин киноискусство адистиги боюнча билим алган. Ли Мин Хонун актёрдук тушоосу 15 жашында кесилген. Тактап айтканда, алгачкы жолу "Роман" дорамасында эпизоддук роль жараткан. Андан кийин "Мектеп короосунун жашыруун сыры" дорамасына тартылып, аз да болсо тааныла баштаган.

2006-жылы Ли Мин Хо жол кырсыгына кабылып, 6 ай ооруканада жатат. Бул кырсыктын айынан ал 1 жарым жылга чейин кинолорго тартыла алган эмес. 2008-жылы "Тур!", "Коомчулуктун душманы 3: Кайрылып келүү", "Биздин англис тилинен сабак берген мугалим" фильмдеринде роль жаратат. 2009-жылы "Мыкты жигиттер" дорамасына тартылып атагы чыга келет. Андан кийин "Жеке тандоолор", "Шаардык мергенчи", "Ишеним", "Мураскорлор" сериалдары да анын катышуусу менен популярдуу болгон.

2013-жылы ырчы катары "My Everything" деген биринчи альбомун чыгарып, Азияга концерттик турнеге чыгат. Андан кийин дагы бир альбомун чыгарууга жетишет. Ал эми 2017-жылы актёрлук карьерасына 10 жыл болгонуна байланыштуу үчүнчү альбомун чыгарат.

Ли Мин Хо 2015-жылы актриса, ырчы Сюзи (Пэ Су Жи) менен мамиле курат. Бирок жылдыздуу түгөйлөр 3 жылдан кийин сүйүү мамилесине чекит коюлганын ачыкка чыгарат.

Учурда Ли Мин Хо аскердик кызматта. Ал 2017-жылдын 12-майында аскердик кызматка тартылган. Бирок 2006-жылдагы жол кырсыгынан анын бутунун сөөктөрү сынган. Ал эми 2011-жылы актёр экинчи ирет жол кырсыгына кабылган. Мындан улам ал аскердик кызматын Сеулдагы Каннамгу районундагы мекемелердин биринде мамлекеттик кызматкер катары кызмат өтөп жатат. Анын аскердик кызматты өтөө мөөнөтү 2019-жылы аяктайт.

22-июндун жылнаамасы.






 
Урматтуу колдонуучу! Эгер сизде коомчулуктун көңүлүн буруп, талкууну талап кылган жаңылыгыӊыз болсо биз менен бөлүшүӊүз.


 Рубрикадагы соңку кабарлар 

Рейтинг: Рейтинг -1 
Комментарийлер(10)
22.06.2018. 14:55 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
Гитлер кол салган куну торолуптурбуз да бул экообуз
22.06.2018. 16:56 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
Ушунча атактуу, бай болсо дагы аскердик кызматтан качпаганы мактаарлык болуптур. Биздикилер тоготушпай, сатып алышат аскердик билетти же болбосо альтернативная службага качышат.
22.06.2018. 20:13 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+5
vikidiki,Омарга окшоп 1 айбы)) ошону да реклама кылып журду элего
22.06.2018. 18:20 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+6
Биздеги Насип , Масип деген гужун полор качан служба кылаар экен.
23.06.2018. 01:29 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+3
Ulan8383,Ал Аселге кызмат отоп жатат го
23.06.2018. 16:57 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+1
Aidani,хахахаха красава
25.06.2018. 13:12 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+1
Aidani,өлтүрдү
23.06.2018. 07:08 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+2
Бактылуу болсун го, бирок ушуга окшогон арсыздар тойгозду тойдун эсебинен жашашып. Кыйынсынбы дуйного тааныт кыргызстанды
23.06.2018. 14:19 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
Буларда созсуз аскердик кызматы отошот экен ал дагы бизге окшоп бир жыл эмес кобуроок. Азыр коп актер ырчылары армияда. Джи Чан Ук дагы армияда.
25.06.2018. 13:14 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
Жагат мага. Городской охотник грамотно ойногон. Гү жүнпөгө күйөөгө тийем деген киного чейин чыгып кетти го кыргызстанда тобо
1
Комментарий калтыруу үчүн өз ысымыңыз менен кириңиз же каттоодон өтүңүз.
 
 
Бөлүмдүн статистикасы
соңку 15 мүнөт ичинде колдонуучу (Катталган: , коноктор: ) бул кабарды окуду:

Кабарлардын саны:
195263;
 
Маалымат-маанайшат порталы
2006-2025 © SUPER.KG
Кыргыз Республикасы, Бишкек шаары,
Турусбеков 109/1
SUPER.KG порталына жайгаштырылган материалдар жеке колдонууда гана уруксат.
Жалпыга таратуу SUPER.KG порталынын редакциясынын жазуу түрүндөгү уруксаты менен гана болушу мүмкүн.
p
Рейтинг@Mail.ru
Биз социалдык тармактарда: