super.kg logo
  Саясат  

Жогорку Кеңештин депутаты Тазабек Икрамов: "Бүгүнкү күндө эч кандай саясий куугунтук жок"

 

SUPER.KG порталынын "Бийлик элди саясий куугунтук эмес, коррупцияга каршы күрөш жүргүзүп жатканына кантип ишендире алат?" деген соболуна Жогорку Кеңештин эркин депутаты Тазабек Икрамов жооп берди.

Ал бүгүнкү күндө эч кандай саясий куугунтук жок деген пикирде. "Сотторго мурдагыдай жогору жактан кийлигишүү, кысым жок. Судьялар өздөрүнүн иштерин алып барып жатат. Мамлекетке келген насыялар боюнча коррупциялык систем чыгып жатат. Бул боюнча куугунтук деп айтпайт элем. Бүгүнкү күндө саясий куугунтук жок. Эгерде куугунтук болсо оппозициялык партиядагылардын жетекчилерин камайт эле. Азыр болсо бийликтин партиясынын мүчөлөрү камалып жатат. Бул жерде чыныгы коррупцияга каршы күрөш жүрүп жатат", - деди Икрамов.

Жогорку Кеңештин депутаттары Ирина Карамушкина, Алмазбек Баатырбеков, Зарылбек Рысалиев, Анвар Артыков, саясий ишмер Мукар Чолпонбаев, саясатчы Адахан Мадумаровдун пикири төмөнкү шилтемеде.


кошулду





 
Урматтуу колдонуучу! Эгер сизде коомчулуктун көңүлүн буруп, талкууну талап кылган жаңылыгыӊыз болсо биз менен бөлүшүӊүз.


 Рубрикадагы соңку кабарлар 

Рейтинг: Рейтинг 0 
Талкуу жабык.
 
Бөлүмдүн статистикасы
соңку 15 мүнөт ичинде колдонуучу (Катталган: , коноктор: ) бул кабарды окуду:

Кабарлардын саны:
195263;
 
Маалымат-маанайшат порталы
2006-2025 © SUPER.KG
Кыргыз Республикасы, Бишкек шаары,
Турусбеков 109/1
SUPER.KG порталына жайгаштырылган материалдар жеке колдонууда гана уруксат.
Жалпыга таратуу SUPER.KG порталынын редакциясынын жазуу түрүндөгү уруксаты менен гана болушу мүмкүн.
p
Рейтинг@Mail.ru
Биз социалдык тармактарда: