super.kg logo

ЖЫЛНААМА, 25-ИЮНЬ: Кыргыз Республикасынын Эмгек сиңирген артисти Болот Бейшеналиев арабызда болгондо быйыл 81 жашка толмок

 
"Захар бүркүт" фильминде
Кызы Гүлназ менен
Актёр небереси Нурболот менен
Болот бЕйшеналиевдин уулу Азиз Бейшеналиев

Легендарлуу актёр, Кыргыз Республикасынын Эл артисти Болот Бейшеналиев көзү тирүү болгондо бүгүн, 25-июнда 81 жашка толмок. Ал 1937-жылы Чүй облусундагы Кемин районунун Калмак-Ашуу айылында төрөлгөн.

Ташкенттеги Александр Островский атындагы театралдык-көркөм институтун бүтүргөн. Эмгек жолу "Кыргызфильм" студиясында башталган. Эң алгачкы ролду "Тайгак кечүү" фильминде аткарган. Андан кийин "Биринчи мугалим" тасмасында Дүйшөндүн ролун, "Махабат дастаны" фильминде Жалман карыянын ролун жаратып, жылдызы жанып чыга келет. Кыргыз мамлекеттик драма театрында иштеген.

Актёр 3 жолу турмуш жаңырткан. Биринчи жубайы түркмөн кызы Гүлнара Исмалова болгон. Экөө Азиз аттуу уулдуу жана Гүлназ деген кыздуу болгондон кийин ажырашып кетишкен. Андан соң көп жылдар бою Москвада жашап, ал жактан Стелла аттуу айымга үйлөнөт. Ал аялы менен көп жыл чогуу жашап, кийин 1991-жылы апасынын өтүнүчү менен мекенине кайтып келип Турсун Тураевага үйлөнгөн. Алар 11 жыл чогуу жашаган.

Актёр өмүрүндө 103 кинофильмде роль жараткан.

Болот Бейшеналиев 2001-жылы 17-ноябрь күнү 64 жаш курагында каза болгон. Бул күнү киноискусствосунун 60 жылдыгы белгиленип, столдо отурганда капысынан жүрөк оорусу кармап калган. Болот Бейшеналиевдин кызы Гүлназ атасы өтүп кеткенден 2 жылдан кийин ашказаны ооруп каза болгон. Ал эми Азиз атасынын жолун жолдоп, учурда актёр болуп эмгектенет.

25-июндун жылнаамасы.






 
Урматтуу колдонуучу! Эгер сизде коомчулуктун көңүлүн буруп, талкууну талап кылган жаңылыгыӊыз болсо биз менен бөлүшүӊүз.


 Рубрикадагы соңку кабарлар 

Рейтинг: Рейтинг 0 
Комментарийлер(0)
Комментарий калтыруу үчүн өз ысымыңыз менен кириңиз же каттоодон өтүңүз.
 
 
Бөлүмдүн статистикасы
соңку 15 мүнөт ичинде колдонуучу (Катталган: , коноктор: ) бул кабарды окуду:

Кабарлардын саны:
195263;
 
Маалымат-маанайшат порталы
2006-2025 © SUPER.KG
Кыргыз Республикасы, Бишкек шаары,
Турусбеков 109/1
SUPER.KG порталына жайгаштырылган материалдар жеке колдонууда гана уруксат.
Жалпыга таратуу SUPER.KG порталынын редакциясынын жазуу түрүндөгү уруксаты менен гана болушу мүмкүн.
p
Рейтинг@Mail.ru
Биз социалдык тармактарда: