super.kg logo
  Саясат  

Режеп Тайып Эрдоган сентябрда Кыргыз өлкөсүнө келет

 

Президент Сооронбай Жээнбеков бүгүн, 25-июнда Режеп Тайып Эрдоганды Түркиянын президенти болуп кайрадан шайланышы, ошондой эле "Адилеттүүлүк жана өнүгүү" партиясынын жеңиши менен куттуктады. Бул тууралуу президенттик аппараттын басма сөз кызматы билдирди.

Жээнбеков бул жеңишти Эрдогандын жасап жаткан иштерине түрк элинин көрсөткөн ишеними экенин баса белгиледи.

"Сиздин тажрыйбаңыз, кыраакылыгыңыз Түркиянын мындан ары дагы экономикалык гүлдөп-өсүшүнө жана эл аралык аренада кадыр-баркынын жогорулашына түрткү берет деп терең ишенем. Кыргыз өлкөсү менен Түркиянын ортосундагы кылым карыткан достук жана өз ара стратегиялык байланыштар сиздин жеңишиңиз менен жаңы деңгээлге чыгат деген жакшы тилектебиз.

Сентябрь айындагы Кыргыз Республикасына боло турган расмий сапарыңызды жана анын алкагында Түрк кеңешинин кезектеги жыйынына катышууңузду чыдамсыздык менен күтөбүз", - деп айтылат куттуктоо телеграммасында.

Президент Сооронбай Жээнбеков Түркиянын президенти Режеп Тайып Эрдоганга чың ден соолук жана бакубаттык, ал эми бир тууган түрк элине тынчтык жана гүлдөп-өнүгүү каалаган.

Эске салсак, Түркияда 24-июнда парламенттик жана президенттик шайлоо болуп, Эрдоган 53 пайыздан ашык добуш менен жеңишке жетишти.






 
Урматтуу колдонуучу! Эгер сизде коомчулуктун көңүлүн буруп, талкууну талап кылган жаңылыгыӊыз болсо биз менен бөлүшүӊүз.


 Рубрикадагы соңку кабарлар 

Рейтинг: Рейтинг 2 
Талкуу жабык.
 
Бөлүмдүн статистикасы
соңку 15 мүнөт ичинде колдонуучу (Катталган: , коноктор: ) бул кабарды окуду:

Кабарлардын саны:
195263;
 
Маалымат-маанайшат порталы
2006-2025 © SUPER.KG
Кыргыз Республикасы, Бишкек шаары,
Турусбеков 109/1
SUPER.KG порталына жайгаштырылган материалдар жеке колдонууда гана уруксат.
Жалпыга таратуу SUPER.KG порталынын редакциясынын жазуу түрүндөгү уруксаты менен гана болушу мүмкүн.
p
Рейтинг@Mail.ru
Биз социалдык тармактарда: