super.kg logo

ЭЛДИК КАБАР: "Екатеринбург шаарындагы консулдуктун кызматына нааразымын" дейт мигрант

 

Орусиянын Екатеринбург шаарында иштеп жүргөн мигрант Дастанбек Султанов SUPER.KG порталынын "Элдик кабар" бөлүмүнө кайрылып, шаардагы Кыргыз консулдугуна нааразычылыгын айтты.

Анын айтымында, консулдукка учурда мигранттар эч кандай ишеним артпайт, документ керек болгону үчүн гана айласыз барууга туура келет.

"Консулдуктун кызматкерлеринин бизге болгон кайдыгер, орой мамилеси көптөн бери токтобой келе жатат. Барсаң, улгайган адамсыңбы, бала менен келдиңби эске албайт, баарын кезекке тургузуп, көпкө күттүрөт. Өзүбүз иштейбиз деп келсек, анан жумушту таштап консулдукта жүрө бергенге эч кимде мүмкүнчүлүк жок. Ал эми анда иштегендер "күткүлө", "кызматкер жетишсиз" дегенден башканы айтпайт. Мигранттардын баарынын кыжыры келип, ачууланып жүрөбүз. Бүгүн 2 баласы менен келген келинчегиме 4 сааттан кийин гана кезек жетти", - деп билдирди мигрант.

Урматтуу окурман, эгер сиз да ушул сыяктуу турмуштагы өзгөчө көрүнүшкө, коомдогу маданий, спорттук иш-чарага, жаратылыш кубулуштарына, жол кырсыгына, акция же митингдерге күбө болсоңуз, тезинен сүрөткө, видеого тартып, дүйнө жүзү менен бөлүшүңүз. Интернет ааламы, тагыраак айтканда, SUPER.KG жаңылыгыңызды заматта өлкөбүзгө, Жер жүзүндөгү мекендештерге жеткирет. Алар көрүп, окуп, сиздин кабарыңызга үн кошушат.

Сиз жаңылыкты кыскача баяндап Telegram же WhatsApp аркылуу +996 779 47-39-39 номерине жибериңиз. Ушул эле кызмат (приложение) аркылуу кабардын аудиосун, видеосун, сүрөтүн да жөнөтсөӊүз болот. Кабар саналуу мүнөттөрдүн ичинде порталыбыздын "Соңку кабар" бөлүмүнө чыгат.






 


 Рубрикадагы соңку кабарлар 

Рейтинг: Рейтинг 3 
Комментарийлер(10)
25.06.2018. 18:01 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+7
Бир эле Екатеринбургта эмес полностью. Россиядагы элчиликтер. Кыжырын келтирет. Мен паспортум жоготуп барганда коргом тим эле Асманда журушотко. 3500 руб. Аран алган временый паспортту бир ай чуркап эшшектерли жаап салыш керек. Лучше элге пайдасы тийбегенден кийин.
25.06.2018. 18:24 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+7
Ооба ошондой.Анан грубый мамиле кылышат.Мен да барганмын.
25.06.2018. 18:38 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+6
Булат оздорун жон эле кудайдан кийинки адам сезишет.Бул окшогон элчиликтин кимге кереги бар элге пайдасы тийбегенден кийин
25.06.2018. 19:03 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+6
Паспорт жоготкондо чынында справкага 3500 рубль алышат. Бул мыйзамдуубу эч ким текшербейт канча жылдан бери. Нак суткорлор ушерде отурат.
25.06.2018. 19:36 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+1
бардык консулда именно россияныкыда иттер отурат ач коз тойбойт
25.06.2018. 20:04 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+1
Буларга ишиң түшпөсүн, 2008-жылы ушулардын айынан депортация болуп кетишиме аз калган. Паспортумдун мөөнөтүн узартканмын, бирок базага киргизбей коюшкан экен, кетерде араң чыгып кеткенмин, кудайым өзү жазасын берсин ушундай алдамчылардын.
25.06.2018. 21:02 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
Баардыгын алмаштырыш керек Россиядагы поцольстволорду
26.06.2018. 01:00 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
туптуура мен да эрте менен кичине баламы таштап барсам кофе ичип отурушкан алардын айлык акысы биздин чөнтөктөн кетип жатканын билишпейт.
26.06.2018. 04:31 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
Пайдасынан зыЯны көөп
29.07.2018. 22:19 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
Элдин акчасын жеп, элдин укугун кайра тебелеп-тепсегендерге да кудайдын баасы бардыр.Ак уйдогулор кандай каргыш алып жатса, консулдагылар деле ошондой каргыш алып жатышат эл тарабынан. Чет жерде мусаапыр болуп жургондордун каргышынан корккула айланайындар!
1
Комментарий калтыруу үчүн өз ысымыңыз менен кириңиз же каттоодон өтүңүз.
 
 
Бөлүмдүн статистикасы
соңку 15 мүнөт ичинде колдонуучу (Катталган: , коноктор: ) бул кабарды окуду:

Кабарлардын саны:
195263;
 
Маалымат-маанайшат порталы
2006-2025 © SUPER.KG
Кыргыз Республикасы, Бишкек шаары,
Турусбеков 109/1
SUPER.KG порталына жайгаштырылган материалдар жеке колдонууда гана уруксат.
Жалпыга таратуу SUPER.KG порталынын редакциясынын жазуу түрүндөгү уруксаты менен гана болушу мүмкүн.
p
Рейтинг@Mail.ru
Биз социалдык тармактарда: