super.kg logo
  Саясат  

Өкмөттүн Ысык-Көл облусундагы ыйгарым укуктуу өкүлү Узарбек Жылкыбаев: "Аймактарды өнүктүрүү бир жылда бүтпөй турган иш"

 

Президент Сооронбай Жээнбеков 2018-жылды "Аймактарды өнүктүрүү жылы" деп жарыялаган. SUPER.KG порталынын 6 ай аралыгында аймактарды өнүктүрүү боюнча кандай иштер жасалды деген соболуна өкмөттүн Ысык-Көл облусундагы ыйгарым укуктуу өкүлү Узарбек Жылкыбаев жооп берди.

Ал аймактарды өнүктүрүү боюнча мыйзамдарды кабыл алуу иштери жүрүп жатканын белгиледи.

"Жогорку Кеңеште аймактарды өнүктүрүү боюнча жумушчу топтор түзүлгөн. Учурда иштер жүрүп жатат. Каракол менен Балыкчы шаарлары "өнүгүүнүн борборлору" деп кабыл алынган. Аларды иштетүү боюнча стратегиялык пландар, долбоорлор жазылып жатат.

Айыл өкмөттөргө муниципалдык ишкана ачканга сунуштарды бергенбиз. Алар долбоорду жазып жатат. Долбоорлорду жазуу бир топ убакытты талап кылат. Ысык-Көл облусунун жеке ишкерлери менен форум өткөрдүк. Алардын программалары, көйгөйлөрү менен тааныштык. Бекитилген план боюнча иштер жүрүп жатат. Мектеп, спорт зал куруу жана башка жумуштар жасалууда", - деди Жылкыбаев.

Жогорку Кеңештин депутаттары Аалы Карашев, Аида Исмаилова, биринчи вице-премьер-министр Кубатбек Боронов, укук коргоочулар Калича Өмүралиева, Рита Карасартованын пикири төмөнкү шилтемеде


кошулду





 
Урматтуу колдонуучу! Эгер сизде коомчулуктун көңүлүн буруп, талкууну талап кылган жаңылыгыӊыз болсо биз менен бөлүшүӊүз.


 Рубрикадагы соңку кабарлар 

Рейтинг: Рейтинг 0 
Талкуу жабык.
 
Бөлүмдүн статистикасы
соңку 15 мүнөт ичинде колдонуучу (Катталган: , коноктор: ) бул кабарды окуду:

Кабарлардын саны:
195263;
 
Маалымат-маанайшат порталы
2006-2025 © SUPER.KG
Кыргыз Республикасы, Бишкек шаары,
Турусбеков 109/1
SUPER.KG порталына жайгаштырылган материалдар жеке колдонууда гана уруксат.
Жалпыга таратуу SUPER.KG порталынын редакциясынын жазуу түрүндөгү уруксаты менен гана болушу мүмкүн.
p
Рейтинг@Mail.ru
Биз социалдык тармактарда: