super.kg logo
  Саясат  

Биринчи вице-премьер Кубатбек Боронов: "2018-жылы аймактар өнүгүп кетет деген түшүнүк болбошу керек"

 

Президент Сооронбай Жээнбеков 2018-жылды "Аймактарды өнүктүрүү жылы" деп жарыялаган. SUPER.KG порталынын 6 ай аралыгында аймактарды өнүктүрүү боюнча кандай иштер жасалды деген соболуна биринчи вице-премьер-министр Кубатбек Боронов жооп берди.

Ал учурда өкмөттүн деңгээлинде жакшы иштер жүрүп жатканын айтты.

"Учурда айыл өкмөттөрүнө функцияларды өткөрүп берүү, алардын бюджетин көбөйтүү үчүн атайын мыйзамдар иштелип жатат. Кичи шаарларды, айылдарды өнүктүрүү боюнча программалар иштеп жатат. Жакында элге талкууга сунушталат. Программалар, мыйзамдар кабыл алынгандан кийин иш жүргүзүлөт.

"Аймактарды өнүктүрүү жылы" деп жарыялоо менен 2018-жылы аймактарды өнүктүрүп жиберебиз деген түшүнүк болбош керек. 2018-жылы аймактарды өнүктүрүүгө кийинки жылдарга фундаментти түзөбүз. Жаңы өкмөттүн келгенине 2 ай эле болду. Айрым маселелерди талкуулап, башынан баштаганга туура келип жатат. Аймактарды өнүктүрүү үчүн бардык мамлекеттик органдар аралашуусу керек", - деди Боронов.

Жогорку Кеңештин депутаттары Аалы Карашев, Аида Исмаилова, өкмөттүн Ысык-Көл облусундагы ыйгарым укуктуу өкүлү Узарбек Жылкыбаев, укук коргоочу, Калича Өмүралиева, Рита Карасартованын пикири төмөнкү шилтемеде.


кошулду





 
Урматтуу колдонуучу! Эгер сизде коомчулуктун көңүлүн буруп, талкууну талап кылган жаңылыгыӊыз болсо биз менен бөлүшүӊүз.


 Рубрикадагы соңку кабарлар 

Рейтинг: Рейтинг 0 
Талкуу жабык.
 
Бөлүмдүн статистикасы
соңку 15 мүнөт ичинде колдонуучу (Катталган: , коноктор: ) бул кабарды окуду:

Кабарлардын саны:
195263;
 
Маалымат-маанайшат порталы
2006-2025 © SUPER.KG
Кыргыз Республикасы, Бишкек шаары,
Турусбеков 109/1
SUPER.KG порталына жайгаштырылган материалдар жеке колдонууда гана уруксат.
Жалпыга таратуу SUPER.KG порталынын редакциясынын жазуу түрүндөгү уруксаты менен гана болушу мүмкүн.
p
Рейтинг@Mail.ru
Биз социалдык тармактарда: