super.kg logo
  Саясат  

Кыргызстан элдеринин ассамблеясынын төрагасы Токон Мамытов: "Президент айта турган ЖЭБ эле эмес, андан башка да көп маселелер бар"

 

Жогорку Кеңеш ушул аптанын аягында жайкы эс алууга кетет. Парламенттин эртеңки, 27-июндагы жыйынына президент Сооронбай Жээнбеков катыша турганы белгилүү болду. Өлкө башчынын парламенттин жыйынына катышуусу саясаттагы негизги окуялардын бири.

Ошол себептен жаралган SUPER.KG порталынын "Президент парламент жыйынында кандай маселелерге токтолушу керек деп ойлойсуз?" деген соболуна Кыргызстан элдеринин ассамблеясынын кеңешинин төрагасы Токон Мамытовдун пикири.

Мамытов өлкө жетекчиси козгой турган маселелер арбын, негизги маселелердин бири болгон коррупция көйгөйүнө токтолсо болот.

"Президент ички-сырткы саясат жөнүндө айтуусу мүмкүн. Ошондой эле өлкөдөгү социалдык-экономикалык саясий кырдаал боюнча айтса болот. Айта турган дагы коррупция, тартип, мыйзамдуулук маселелери бар. Өлкөнүн өнүгүп-өсүшү, мындан ары алдыга жылуу боюнча негизги багыттарды көрсөтсө болот. Учурдагы коррупциялык маселелерге да, менимче, токтолот, жеке эле ЖЭБдеги маселе эмес, андан башка "Кумтөр" маселеси жана башка маселелер турат", - деди Мамытов.

Жогорку Кеңештин депутаттары Абдывахап Нурбаев, Экмат Байпакбаев, КСДП партиясынын өкүлү Кундуз Жолдубаева жана жарандык активист Мавлян Аскарбековдун пикири бул шилтемеде.


кошулду





 
Урматтуу колдонуучу! Эгер сизде коомчулуктун көңүлүн буруп, талкууну талап кылган жаңылыгыӊыз болсо биз менен бөлүшүӊүз.


 Рубрикадагы соңку кабарлар 

Рейтинг: Рейтинг 0 
Талкуу жабык.
 
Бөлүмдүн статистикасы
соңку 15 мүнөт ичинде колдонуучу (Катталган: , коноктор: ) бул кабарды окуду:

Кабарлардын саны:
195263;
 
Маалымат-маанайшат порталы
2006-2025 © SUPER.KG
Кыргыз Республикасы, Бишкек шаары,
Турусбеков 109/1
SUPER.KG порталына жайгаштырылган материалдар жеке колдонууда гана уруксат.
Жалпыга таратуу SUPER.KG порталынын редакциясынын жазуу түрүндөгү уруксаты менен гана болушу мүмкүн.
p
Рейтинг@Mail.ru
Биз социалдык тармактарда: