super.kg logo
  Саясат  

Депутат Экмат Байпакбаев: "Президент экономиканы көтөрө турган жолду издеш керек"

 

Жогорку Кеңеш ушул аптанын аягында жайкы эс алууга кетет. Парламенттин эртеңки, 27-июндагы жыйынына президент Сооронбай Жээнбеков катыша турганы белгилүү болду. Өлкө башчынын парламенттин жыйынына катышуусу саясаттагы негизги окуялардын бири.

Ошол себептен жаралган SUPER.KG порталынын "Президент парламент жыйынында кандай маселелерге токтолушу керек деп ойлойсуз?" деген соболуна Жогорку Кеңештин "Республика-Ата Журт" фракциясынан депутат Экмат Байпакбаевдин пикири төмөндөгүчө болду.

Ал президент коррупция боюнча көп иштерди кылганын айтты. "Өлкө башчыбыз чукул иштерди көтөрүп, элдин айткан ойлорунун баарын ишке ашырып жатат. Эртең ал Жогорку Кеңештин жыйынында сүйлөп, экономика тармагы тууралуу көбүрөөк токтолуп кетет деп ойлойм. Азыркы абалда экономикага көбүрөөк көңүл бурулса жакшы болмок. Эл башчы катары экономиканы көтөрө турган жолду издеш керек", - деди Байпакбаев.

Жогорку Кеңештин депутаты Экмат Байпакбаев, КСДП партиясынын өкүлү Кундуз Жолдубаева, Кыргызстан элинин ассамблеясынын кеңешинин төрагасы Токон Мамытов жана жарандык активист Мавлян Аскарбековдун пикири бул шилтемеде.


кошулду





 
Урматтуу колдонуучу! Эгер сизде коомчулуктун көңүлүн буруп, талкууну талап кылган жаңылыгыӊыз болсо биз менен бөлүшүӊүз.


 Рубрикадагы соңку кабарлар 

Рейтинг: Рейтинг 0 
Талкуу жабык.
 
Бөлүмдүн статистикасы
соңку 15 мүнөт ичинде колдонуучу (Катталган: , коноктор: ) бул кабарды окуду:

Кабарлардын саны:
195263;
 
Маалымат-маанайшат порталы
2006-2025 © SUPER.KG
Кыргыз Республикасы, Бишкек шаары,
Турусбеков 109/1
SUPER.KG порталына жайгаштырылган материалдар жеке колдонууда гана уруксат.
Жалпыга таратуу SUPER.KG порталынын редакциясынын жазуу түрүндөгү уруксаты менен гана болушу мүмкүн.
p
Рейтинг@Mail.ru
Биз социалдык тармактарда: