super.kg logo
  Саясат  

Жогорку Кеңештин экс-депутаты Равшан Жээнбеков: "Коррупцияга каршы күрөштө бир эле камоо максат эмес"

 

Президент Сооронбай Жээнбеков кайрылуусунда "Коррупцияга каршы күрөш баарына бирдей, тең жүргүзүлүшү керек. Уурулар арабызда баса албай кала турган чөйрөнү түзүүгө тийишпиз" деди. SUPER.KG порталынын мындай күрөшкө бийлик менен коом даярбы деген соболуна Жогорку Кеңештин мурдагы депутаты Равшан Жээнбеков жооп берди.

Равшан Жээнбеков коррупцияга каршы күрөштө бир эле камакка алуу максат эместигин айтты. "Бийлик уурулар арабызда баса албай кала турган чөйрөнү түзүүгө шарт түзсө коом даяр. Бийлик камаса жана коркутса, коом, маалымат каражаттары, саясатчылар коркуп калат. Ошондуктан мындай чөйрөнү түзө турган президент, андан кийин өкмөт болуп эсептелинет. Эгерде алар эркиндик бере турган болсо, коррупционерлерди жеңген, аларды колдобой сындаган адамдар, журналисттер пайда болуп, чөйрө оңоло баштайт.

Коррупцияга каршы күрөштө бир эле камоо максат эмес. Тилекке каршы, биздин президенттердин бардыгы келгенде камоо менен гана алектенет. Бүгүнкү күндөгү камоолор коомчулукта коррупцияга каршы күрөш катары кабыл алынып жатат. Мен дагы ошентип кабыл алдым. Эми 2-3 айдан кийин сот реформасы, мамлекетте коррупцияга каршы тура турган чөйрө түзүү башталбаса, азыркы камоолордун бардыгы саясий өч алуу, саясий куугунтук катарында кабыл алынып баштайт. Президентке каршылыктар көбөйө баштайт", - дейт Жээнбеков.

Жогорку Кеңештин депутаттары Марат Аманкулов, Алмазбек Токторов, Сайдулла Нышанов, экс-депутат Жылдызкан Жолдошева, экс-акыйкатчы Бакыт Аманбаев, укук коргоочу Азиза Абдирасулованын пикири төмөнкү шилтемеде.


кошулду





 
Урматтуу колдонуучу! Эгер сизде коомчулуктун көңүлүн буруп, талкууну талап кылган жаңылыгыӊыз болсо биз менен бөлүшүӊүз.


 Рубрикадагы соңку кабарлар 

Рейтинг: Рейтинг 0 
Талкуу жабык.
 
Бөлүмдүн статистикасы
соңку 15 мүнөт ичинде колдонуучу (Катталган: , коноктор: ) бул кабарды окуду:

Кабарлардын саны:
195263;
 
Маалымат-маанайшат порталы
2006-2025 © SUPER.KG
Кыргыз Республикасы, Бишкек шаары,
Турусбеков 109/1
SUPER.KG порталына жайгаштырылган материалдар жеке колдонууда гана уруксат.
Жалпыга таратуу SUPER.KG порталынын редакциясынын жазуу түрүндөгү уруксаты менен гана болушу мүмкүн.
p
Рейтинг@Mail.ru
Биз социалдык тармактарда: