super.kg logo
  Саясат  

Депутат Алмазбек Токторов: "Президенттин кайрылуусу коррупцияга каршы күрөш дагы күчөтүлөт дегенди түшүндүрөт"

 

Президент Сооронбай Жээнбеков кайрылуусунда "Коррупцияга каршы күрөш баарына бирдей, тең жүргүзүлүшү керек. Уурулар арабызда баса албай кала турган чөйрөнү түзүүгө тийишпиз" деди. SUPER.KG порталынын мындай күрөшкө бийлик менен коом даярбы деген соболуна Жогорку Кеңештин депутаты Алмазбек Токторов жооп берди.

Анын пикиринде, президенттин бүгүнкү билдирүүсү өзүнүн жемишин берет.

"Коррупцияны жоготууну коом көптөн бери күтүп жүргөн. Ошого байланыштуу да президент бүгүн жалпы кайрылуу жасады. Өлкө башчысы президенттик шайлоо алдында да коррупцияга каршы күрөш катуу жүрөрүн убада берип, негизги жасай турган иши ушул боло турганын айткан.

Коопсуздук кеңешинин жыйынында да, сот системи боюнча жыйында да коррупцияга байланыштуу билдирүү жасаган. Ошол айткандарын бүгүн парламентке келип эскертип кетти. Бул коррупцияга күрөш токтотулбайт, мындан да күчөтүлөт деген маанини билдирет. Элге, Жогорку Кеңешке жана өкмөткө бирдей кайрылуу болду. Эми президенттин сөзүнөн кийин укук коргоо органдары да тергөөнү жүргүзүп, жакшы жыйынтык чыгарып бериши керек", - деди Токторов.

Жогорку Кеңештин депутаттары Марат Аманкулов, Сайдулла Нышанов, экс-депутаттар Равшан Жээнбеков, Жылдызкан Жолдошева, экс-акыйкатчы Бакыт Аманбаев, укук коргоочу Азиза Абдирасулованын пикири төмөнкү шилтемеде.


кошулду





 
Урматтуу колдонуучу! Эгер сизде коомчулуктун көңүлүн буруп, талкууну талап кылган жаңылыгыӊыз болсо биз менен бөлүшүӊүз.


 Рубрикадагы соңку кабарлар 

Рейтинг: Рейтинг 0 
Талкуу жабык.
 
Бөлүмдүн статистикасы
соңку 15 мүнөт ичинде колдонуучу (Катталган: , коноктор: ) бул кабарды окуду:

Кабарлардын саны:
195263;
 
Маалымат-маанайшат порталы
2006-2025 © SUPER.KG
Кыргыз Республикасы, Бишкек шаары,
Турусбеков 109/1
SUPER.KG порталына жайгаштырылган материалдар жеке колдонууда гана уруксат.
Жалпыга таратуу SUPER.KG порталынын редакциясынын жазуу түрүндөгү уруксаты менен гана болушу мүмкүн.
p
Рейтинг@Mail.ru
Биз социалдык тармактарда: