super.kg logo
  Саясат  

Укук коргоочу Азиза Абдирасулова: "Коррупцияга каршы күрөшүүдө жазалар бирдей болбошу керек"

 

Президент Сооронбай Жээнбеков кайрылуусунда "Коррупцияга каршы күрөш баарына бирдей, тең жүргүзүлүшү керек. Уурулар арабызда баса албай кала турган чөйрөнү түзүүгө тийишпиз" деди. SUPER.KG порталынын мындай күрөшкө бийлик менен коом даярбы деген соболуна укук коргоочу Азиза Абдирасулова жооп берди.

Ал билдиргендей, коррупцияга каршы күрөш мыйзам чегинде баарына бирдей жүргүзүлүшү керек. "Бирок жаза бирдей болбошу керек. Мисалы, мектептеги мугалим ата-энеден 400 сом пара алса, ошол эле убакта миллиондорду жеп кеткен жогорку мамлекеттик кызматтагы адамдарга жаза бирдей болбошу керек. Азыр коррупция деп эле 10 миң сом алган менен миллион сом алган адамдардын жазалары бирдей болуп калып жатат. Ошондуктан бирдей жаза болбошу керек.

Коррупцияга каршы күрөшүүнүн натыйжалуулугу президент Сооронбай Жээнбеков жана анын командасына жараша жүргүзүлөт. Президенттин командасында иштегендер мамлекет башчыны жаманатты кылбашы керек. Коррупцияны жок кылуу кыйын маселе болгондуктан үзгүлтүксүз күрөшүү зарыл", - дейт Абдирасулова.

Жогорку Кеңештин депутаттары Марат Аманкулов, Алмазбек Токторов, Сайдулла Нышанов, экс-депутаттар Равшан Жээнбеков, Жылдызкан Жолдошева, экс-акыйкатчы Бакыт Аманбаевдин пикири төмөнкү шилтемеде.


кошулду





 
Урматтуу колдонуучу! Эгер сизде коомчулуктун көңүлүн буруп, талкууну талап кылган жаңылыгыӊыз болсо биз менен бөлүшүӊүз.


 Рубрикадагы соңку кабарлар 

Рейтинг: Рейтинг 0 
Талкуу жабык.
 
Бөлүмдүн статистикасы
соңку 15 мүнөт ичинде колдонуучу (Катталган: , коноктор: ) бул кабарды окуду:

Кабарлардын саны:
195263;
 
Маалымат-маанайшат порталы
2006-2025 © SUPER.KG
Кыргыз Республикасы, Бишкек шаары,
Турусбеков 109/1
SUPER.KG порталына жайгаштырылган материалдар жеке колдонууда гана уруксат.
Жалпыга таратуу SUPER.KG порталынын редакциясынын жазуу түрүндөгү уруксаты менен гана болушу мүмкүн.
p
Рейтинг@Mail.ru
Биз социалдык тармактарда: