super.kg logo
  Саясат  

Жогорку Кеңештин депутаты Сайдулла Нышанов: "Аткаминерлер азыр документке кол коюудан чочуп калышты"

 

Президент Сооронбай Жээнбеков кайрылуусунда "Коррупцияга каршы күрөш баарына бирдей, тең жүргүзүлүшү керек. Уурулар арабызда баса албай кала турган чөйрөнү түзүүгө тийишпиз" деди. SUPER.KG порталынын мындай күрөшкө бийлик менен коом даярбы деген соболуна Жогорку Кеңештин депутаты Сайдулла Нышанов жооп берди.

Нышанов коррупциянын толук жоюлушу айлык маянадан да көз каранды экенин айтты.

"Бийлик сотпу, прокурорбу, министрби, дегеле бардык кызматкерлерге шарт түзүп бериши керек. Жеткиликтүү маянаны бермейинче алдыга жылыш кыйын. АКШда соттор президенттин да чечимин жокко чыгара алат. Себеби ал жакта сот, биринчиден, кудайдан коркот, экинчиден, мыйзамды сактайт. Алар тарыхта мыкты, таза сот катары жазылып калгысы келет. Аларда кадыр-барк деген нерсе маанилүү.

Бизде премьер-министрдин камалганы биринчи жолу болуп жатат. Азыр биздеги чоң коррупциялык иштерден кийин аткаминерлер чочуп калышты. Мына эми бир документке кол коюуда үтүр, чекитине чейин жакшылап карап чыгышууда. Буга чейин жетекчим эмне дейт деп кол коё беришкен. Президент бүгүн чоңдордун декларациясын текшерүү боюнча жакшы маселе көтөрдү. Кээ бир аткаминерлер декларациясында көрсөтпөсө да заңгыраган үйлөрдө жашап, кымбат автоунааларды айдашат. Эгер мындай байлыгы болсо, өзүнө же үй-бүлө мүчөлөрүнө каттатышы зарыл", - деди Нышанов.

Жогорку Кеңештин депутаттары Алмазбек Токторов, Марат Аманкулов, экс-депутаттар Равшан Жээнбеков, Жылдызкан Жолдошева, экс-акыйкатчы Бакыт Аманбаев, укук коргоочу Азиза Абдирасулованын пикири төмөнкү шилтемеде.


кошулду





 
Урматтуу колдонуучу! Эгер сизде коомчулуктун көңүлүн буруп, талкууну талап кылган жаңылыгыӊыз болсо биз менен бөлүшүӊүз.


 Рубрикадагы соңку кабарлар 

Рейтинг: Рейтинг 0 
Талкуу жабык.
 
Бөлүмдүн статистикасы
соңку 15 мүнөт ичинде колдонуучу (Катталган: , коноктор: ) бул кабарды окуду:

Кабарлардын саны:
195263;
 
Маалымат-маанайшат порталы
2006-2025 © SUPER.KG
Кыргыз Республикасы, Бишкек шаары,
Турусбеков 109/1
SUPER.KG порталына жайгаштырылган материалдар жеке колдонууда гана уруксат.
Жалпыга таратуу SUPER.KG порталынын редакциясынын жазуу түрүндөгү уруксаты менен гана болушу мүмкүн.
p
Рейтинг@Mail.ru
Биз социалдык тармактарда: