super.kg logo
  Саясат  

Экс-акыйкатчы Бакыт Аманбаев президенттин сөзү тууралуу: "Бийлик өзү коррупциядан тазаланууга даярбы, маселе ошодо"

 

Президент Сооронбай Жээнбеков кайрылуусунда "Коррупцияга каршы күрөш баарына бирдей, тең жүргүзүлүшү керек. Уурулар арабызда баса албай кала турган чөйрөнү түзүүгө тийишпиз" деди. SUPER.KG порталынын мындай күрөшкө бийлик менен коом даярбы деген соболуна экс-акыйкатчы Бакыт Аманбаев жооп берди.

Анын пикиринде, коом коррупциядан тазаланууга даяр. "Ал эми бийлик даярбы, маселе ушуда. Бул күрөштөн жыйынтык чыгабы же жокпу, кептин баары ошол нерседе. Азыр жаңы президенттин жасаган иштерин колдоп алсак болот.

Экинчиден, өлкөдөгү эң чоң маселе - Аскар Акаевдин мезгилинен бери келе жаткан чоң коррупциялык системдер. Алар "Кумтөр", энергетика, кен байлыктар тармактарында бар. Мындан улам миллиондогон долларлар сол чөнтөккө кетүүдө. Ушул коррупциялык систем токтолобу же токтолбойбу - чоң суроо. Эл учурда ушул суроолордун жообун күтүп жатат, көрөбүз кандай болот. Эл тазаланууга даяр, тазалануу бийликтин өзүнөн, кадамдарынан көз каранды", - деди Аманбаев.

Жогорку Кеңештин депутаттары Алмазбек Токторов, Сайдулла Нышанов, Марат Аманкулов, экс-депутаттар Равшан Жээнбеков, Жылдызкан Жолдошева, укук коргоочу Азиза Абдирасулованын пикири төмөнкү шилтемеде.


кошулду





 
Урматтуу колдонуучу! Эгер сизде коомчулуктун көңүлүн буруп, талкууну талап кылган жаңылыгыӊыз болсо биз менен бөлүшүӊүз.


 Рубрикадагы соңку кабарлар 

Рейтинг: Рейтинг 2 
Талкуу жабык.
 
Бөлүмдүн статистикасы
соңку 15 мүнөт ичинде колдонуучу (Катталган: , коноктор: ) бул кабарды окуду:

Кабарлардын саны:
195263;
 
Маалымат-маанайшат порталы
2006-2025 © SUPER.KG
Кыргыз Республикасы, Бишкек шаары,
Турусбеков 109/1
SUPER.KG порталына жайгаштырылган материалдар жеке колдонууда гана уруксат.
Жалпыга таратуу SUPER.KG порталынын редакциясынын жазуу түрүндөгү уруксаты менен гана болушу мүмкүн.
p
Рейтинг@Mail.ru
Биз социалдык тармактарда: