super.kg logo
  Саясат  

Улуттук банк: "Өлкөнүн тышкы карызынан кутулуу үчүн 2007-жылы эки эсеп ачылган"

 

Өлкөнүн тышкы карыздан кутулуу үчүн 2007-жылы эки эсеп ачылган. Бул тууралуу бүгүн, 27-июнда SUPER.KG порталына Улуттук банктын басма сөз кызматы билдирди.

Маалыматка ылайык, 2007-жылы 6-июнда биринчи жолу атайын эсеп Кыргыз Республикасынын улуттук валютасы сом менен ачылган. "Эсеп 2012-жылы 24-июлда жабылган. Бул аралыкта 803 миң 817 сом 77 тыйын каражат чогулган. Ошол эле убакта АКШнын доллары менен дагы эсеп ачылган. Анда 2012-жылга чейин 3 миң 350 доллар каражат чогулган. Эсеп Каржы министрлигинин Борбордук казынасы үчүн Улуттук банкта ачылган. Акчанын кайда жумшалганы боюнча аталган министрлик маалыматка ээ", - деп Улуттук банктын басма сөз кызматы билдирди.

SUPER.KG порталы бүгүн Каржы министрлигинин басма сөз кызматына каражат кайда жумшалганы боюнча суроо-талап жөнөттү. Азырынча жооп жок.

Өкмөт башчы Мухаммедкалый Абылгазиев парламентте отчёт берип жатып тышкы карыздан кутулуу үчүн коррупциялык иштерден өндүрүлгөн жана мамлекетке жардам берүүнү каалагандар үчүн атайын эсеп ачыла турганын билдирген.






 
Урматтуу колдонуучу! Эгер сизде коомчулуктун көңүлүн буруп, талкууну талап кылган жаңылыгыӊыз болсо биз менен бөлүшүӊүз.


 Рубрикадагы соңку кабарлар 

Рейтинг: Рейтинг -1 
Талкуу жабык.
 
Бөлүмдүн статистикасы
соңку 15 мүнөт ичинде колдонуучу (Катталган: , коноктор: ) бул кабарды окуду:

Кабарлардын саны:
195263;
 
Маалымат-маанайшат порталы
2006-2025 © SUPER.KG
Кыргыз Республикасы, Бишкек шаары,
Турусбеков 109/1
SUPER.KG порталына жайгаштырылган материалдар жеке колдонууда гана уруксат.
Жалпыга таратуу SUPER.KG порталынын редакциясынын жазуу түрүндөгү уруксаты менен гана болушу мүмкүн.
p
Рейтинг@Mail.ru
Биз социалдык тармактарда: