Парламентте ЖЭБге алынган 386 миллион долларлык карыз электр тарифинин эсебинен төлөнө тургандыгы айтылды
Алынып жаткан насыялар натыйжалуу иштетилбей жатат. Бул тууралуу депутат Алмазбек Токторов парламент жыйынында айтты.
Эл өкүлү алынып жаткан насыя боюнча нааразычылыгын билдирди. “Бул насыяны да үнөмдөп пайдалануу менен кайтарабыз деп жатасыңар. Бишкек ЖЭБине алынган 386 миллион долларлык насыяны да тарифтин эсебинен кайтарабыз деп жазган экенсиңер. Туурабы? Жылына ушул тармакка бөлүнгөн 400 миллион доллардын 200 миллион доллары уурдалып жатканын көрбөй жатасыңарбы? Энергетика тармагында маселе чоң. Дагы көп адам жоопко тартылат", - деди Токторов.
Учурда парламентте электр тармагына алынып жаткан 6 миллион евролук грант жана насыя боюнча макулдашуу үчүнчү окууда каралууда.
Урматтуу колдонуучу! Эгер сизде коомчулуктун көңүлүн буруп, талкууну талап кылган жаңылыгыӊыз болсо биз менен бөлүшүӊүз.
Рубрикадагы соңку кабарлар
16:38
2025-07-18

Рейтинг:
0

Комментарийлер(0)
Комментарий калтыруу үчүн өз ысымыңыз менен кириңиз же каттоодон өтүңүз.