ЖЫЛНААМА, 28-ИЮНЬ: Америкалык ойлоп табуучу Илон Маск 47 жашка чыкты
Бул күнү мындан 47 жыл мурун америкалык ойлоп табуучу Илон Маск Түштүк Африка Республикасындагы Претория шаарында төрөлгөн. Атасы Эррол Маск инженер, апасы Мэй Маск белгилүү "Тime" журналынын модели болгон.
Кызыкканы:2016-жылы декабрда Маск америкалык 16 ишкердин катарында Американын 45-президенти Дональд Трамптын президенттик форумуна кеңешчи болуп кирет. Бирок 2017-жылы Трамптын "Франция келишиминен" АКШны чыгаруу чечимине байланыштуу кеңешчиликтен баш тарткан. Ошондой эле ал Дональд Трампты "бул орунга татыксыз" деп эсептеген.
Карьераcы
1996-1997-жылдары Маск бир тууганы менен бирге жаңылык таратуучу компанияларды камсыз кылуучу программага адистештирилген Zip2 компаниясын негиздеген.
X.com жана PayPal компаниялары
1999-жылы март айында "X.com`ду" негиздеген. Ошол эле учурда "X.com" PayPal деген бөлүмү бар "Confinity" компаниясы менен чогуу иштеп, электрондук түрдө акча которууларды камсыздап турушкан. Бирок ички пикир келишпестиктерден улам Маск компаниядан кетүүгө аргасыз болот. Бирок кийин эки компания бириктирилип, аты "PayPal" аталган. 2002-жылы аталган компания сатылганда 11,7 пайыздык Масктын акциясы 180 миллион долларды түзгөн.
SpaceX
2002-жылы май айында Маск өзүнүн үчүнчү компаниясы - "SpaceX`ти" негиздеген. Ал бул жолу космостук ракеталар жана спутниктер менен иштей баштаган.
2008-жылы НАСА менен келишим түзүп, космостук кемелерин 1,6 миллиард долларга баалашкан.
2016-жылы Гонконгдо өткөн форумда Маск 2020-2025-жылдары Марс планетасына учууну көздөп жатканын билдирген. 2017-жылы сентябрда социалдык тармактарга тараткан видеосунда "SpaceX" компаниясынын космостук кемелерин жана ракеталарын дүйнө жүзүндө учактын ордуна колдонсо боло турганын айткан. Учурда дүйнө жүзүн акысыз wi-fi менен камсыздоонун үстүндө иштеп жаткан кези.
28-июндун жылнаамасы.
2

Супер-Инфо
super.kg видео
















