Спикер: "Парламент саясий чечим кабыл алганда азыркы жана мурунку президенттер тарабынан кайрылуулар болгон жок"
Парламент саясий чечим кабыл алганда азыркы жана мурунку президенттер тарабынан кайрылуулар болгон жок. Бул тууралуу бүгүн, 29-июнда маалымат жыйында Жогорку Кеңештин төрагасы Дастанбек Жумабеков билдирди.
Маалымат каржатынын өкүлү: "Өкмөткө ишеним көрсөтпөө боюнча чечим кабыл алынып жатканда кайрылуулар болдубу?" - деп суроо берди.
Анын айтымында, жаз айында парламентте саясий чечим кабыл алынды. "Чалуулар болгон жок. Азыркы жана мурунку президент тарабынан кайрылуу болгон жок. Мен регламенттин негизинде жыйын алып бардым. Эч кандай телефон чалуулар, кысым болгон жок", - деди ал.
Урматтуу колдонуучу! Эгер сизде коомчулуктун көңүлүн буруп, талкууну талап кылган жаңылыгыӊыз болсо биз менен бөлүшүӊүз.
Рубрикадагы соңку кабарлар
16:36
2025-07-17
19:12
2025-07-15
Рейтинг:
0

