super.kg logo
  Саясат  

Жогорку Кеңештин төрагасы Дастанбек Жумабеков: "Парламенттин кемчиликтери - бул жыйынга пассивдүү катышуулар, депутаттардын туура эмес ой-пикир билдирип алганы"

 

28-июнда Жогорку Кеңеш акыркы жалпы жыйынга чогулуп, каникулга тарады. SUPER.KG порталы "Жогорку Кеңеш 1 жыл ичинде эмнелерге жетишти? Кандай кемчиликтерди кетирди?" деген соболуна Жогорку Кеңештин төрагасы Дастанбек Жумабеков жооп берди.

Ал парламенттин ишин "эл үчүн, мамлекет үчүн" деп алдыга жылдырууга депутаттардын жана анын өзүнүн аракети дайым ачык жана түз экенин айтты.

"Кемчиликтер боюнча эл баа берсин. Ар кандай комментарийлер айтылып жатат, мен аларды карайм, окуйм, депуттар да карайт. Ошол кемчиликтерди кетирбегенге аракет кылабыз. Мисалы, жыйынга пассивдүү катышуулар, депутаттардын туура эмес ой-пикир билдирип алганын кемилчиликтер деп айта аламын. Бирок жалпы саясий чечимге келгенде парламент бүгүнкү күндө өзүнүн ишин алып барып жатат. Жогорку Кеңеш элдин жана мамлекеттин кызыкчылыгы үчүн саясий чечимдерди көрсөттү", - деди Жумабеков.

Жогорку Кеңештин басма сөз кызматынын башчысы Ибрагим Нуракун уулу, "Мекен ынтымагы" партиясынын лидери Темирбек Асанбеков, коомдук ишмер Эдил Байсаловдун пикири төмөнкү шилтемеде.


кошулду





 
Урматтуу колдонуучу! Эгер сизде коомчулуктун көңүлүн буруп, талкууну талап кылган жаңылыгыӊыз болсо биз менен бөлүшүӊүз.


 Рубрикадагы соңку кабарлар 

Рейтинг: Рейтинг -1 
Талкуу жабык.
 
Бөлүмдүн статистикасы
соңку 15 мүнөт ичинде колдонуучу (Катталган: , коноктор: ) бул кабарды окуду:

Кабарлардын саны:
195263;
 
Маалымат-маанайшат порталы
2006-2025 © SUPER.KG
Кыргыз Республикасы, Бишкек шаары,
Турусбеков 109/1
SUPER.KG порталына жайгаштырылган материалдар жеке колдонууда гана уруксат.
Жалпыга таратуу SUPER.KG порталынын редакциясынын жазуу түрүндөгү уруксаты менен гана болушу мүмкүн.
p
Рейтинг@Mail.ru
Биз социалдык тармактарда: