Жергиликтүү телеканал: "Алмаз Шаадаевдин видеодогудан башка дагы кабарчыны жана каналды коркуткан аудиолору бар"
Социалдык тармакта ырчы Алмаз Шаадаевдин талкуу жараткан видеосу боюнча NewTV телеканалы жооп кайтарды.
Телеканалдын билдирүүсүндө ырчы эфирге келе албастыгын айткан эмес.
"Социалдык тармактын колдонуучулары биз жасаган видеодо болгону ырчынын кабарчы кызга жазган аудиолорун колдонуп, журналист кыздыкын алып коюшкан дешүүдө. Чынында андай эмес, эч нерсе алынбастан, өчүрүлбөстөн берилген. Себеби ырчы эфирге келе албастыгын айткан эмес. Ошондой эле биздин кабарчы ырчыга эч кандай билдирүү жазган эмес. Болгону ырчы өзү гана видеодогу аудиолорду кетирген. Бизде Алмаз Шаадаевдин кабарчыга жана телеканалдын беделине шек келтирип сөгүнгөн, коркуткан, видеодогудан башка дагы аудиолору бар. Биз этиканы сактагандыктан аларды кошкон жокпуз. Ырчынын буга чейин дагы эфирге чакырган учурда келбей койгону бар", - деди аталган каналдан.
Социалдык тармакта ырчы Алмаз Шаадаев жергиликтүү телеканалдардын бирине эфирге барбай койгону тууралуу даярдалган видео кызуу талкуу жаратууда. Видеодо ырчы телеканалдын түз эфирлерине бир нече ирет конок катары чакырылганы айтылат. Бирок Алмаз Шаадаевдин алардын эфирине барбай, алтургай "бара албайм" деп эскертүү дагы берген эмес. "Бул кылганы туура эмес" деген кабар даярдалган. Ошондой эле видеодо ырчы телеканалдын кабарчысына жаман сөздөрдү айткан аудиосу да жарыяланган.


Ал эми Ню тв каналынын 33суроо деген суроосун откондо кордум тиги кыздын мамилеси конокту аябай сыйлабастык болду Калыбек деген бала келди беле, айтоор тамашоучу жигитти, одоно мамилеси менен иренжитти!
БУЛ АРЫЗДАНГАН КЫЗ ДА ОШОЛ ТЕЛЕКАНАЛДАН!
Бирин олуп, бирин кал"!
Силерсиз деле элдин озундо проблема толтура.)