super.kg logo

Энелердин түйшүгүн чагылдырган сүрөттөрдүн автору: "Мен апамын" долбоорум учурда популярдуу болууда"

 

Учурда интернет желесинде сүрөтчүнүн калеминен жаралган реалдуу жашоону чагылдырган боёктуу сүрөттөр популярдуу болууда. Сүрөттөн өздөрүнүн жашоосун көрүп, сүрөттүн мазмунуна суктанып бүтпөй жаткан социалдык тармактын колдонуучулары күн сайын толуктап жатканын байкоого болот. SUPER.KG порталы көпчүлүктүн кызыгуусун арттырган сүрөтчү менен маек курду.

Каарманыбыз Жылдыз Бекова 28 жашта. Ал сүрөтчүлөрдүн үй-бүлөсүндө жарыкка келген. Анын сүрөтчү болуп калышына ата-энесинин салымы зор болгон.

"Кесибим боюнча архитектор-куруучумун. Бирок кесибим менен иштебейм. Бала кезимден эле сүрөт тартам. Анткени атам Кадыр Беков, апам Анара Тугулбаева дагы сүрөтчү. Ал эми жеке жашоом тууралуу айтсам, үй-бүлөм интернационалдуу десем болот. Анткени жолдошум Александрдын улуту кыргыз эмес. Ортобузда Арина жана Камила деген кыздарыбыз бар. Александр мага чоң колдоо көрсөтүп, ар тараптуу жардам берип турат", - дейт ал.

Сүрөтчүнүн интернет желесиндеги популярдуу болуп жаткан картиналары - анын эмгегинин бир эле көрүнүшү. Тагыраагы, Жылдыз айым ар кайсы жанрдагы сүрөттөрдү жаратат.

"Мен ар кайсы жанрдагы сүрөттөрдү тартам. Мисалы, сюрреализм, психоделик (адамдарды акыл-эсине терс таасир берүүчү каражат) жана киберпанк (фантастиканын жанры) тууралуу картиналарды жаратам. Ошондой эле аниме стилинде дагы сүрөттөрдү тартам. Менин чыгармаларымдын арасындагы "Мен апамын" ("IamMomy") скетч-сүрөттөрүм жана кыздарымдын окуяларын чагылдырган "Аришанын окуялары, "Ари менен Каминин окуялары" деген сериялар популярдуу болууда", - деп билдирди.

Жылдыз Бекова күнүнө 1-2 саат убактысын сүрөт тартууга бөлөт. Ал эми сүрөттөр каарманыбыздын маанайына жарашы жаралат.

"Кыздарым кичинекей болгонуна карабай сүрөт тартууга да убакыт бөлөм. Маанайым кандай болсо ошого жараша картина жаралат. Мисалы, ойго чөмүлүп, кабатыр болгондо мазмуну терең, жакшы эмгектер жаралат. Бирок кээде сүрөт тарткым келбей калат. Андай учурда калем менен кагаздан алыстап, эс алам", - деп кошумчалады ал.

"Менин устатым, насаатчым - ата-энем" деген сүрөтчү эң алгачкы сүрөтү тууралуу мындай дейт.

"Албетте, алгачкы тарткан сүрөттөрүм идеалдуу болгон эмес. Ошол эмгектеримди сактап койгом. Ал эми кийинки эмгектеримдин бардыгын болбосо дагы айрымдарын саткам, мындан ары деле сатам. Менин автордук укугум, эмгектерим "Кыргызпатент" тарабынан камсыздандырылган. Мындан тышкары автордук укукту коргогон Берн конвенциясы дагы бар. Бул конвенция менен ар кайсы сүрөтчү эл аралык сынактарда өлкөнүн атынан башка сүрөтчүлөрдүн эмгектерин тааныштыра алуу укугуна ээ болот".

Жылдыз Бекова учурда балдарга арналган сүрөттүү китеп чыгаруунун үстүндө иштеп жатканын кошумчалады.


кошулду





 
Урматтуу колдонуучу! Эгер сизде коомчулуктун көңүлүн буруп, талкууну талап кылган жаңылыгыӊыз болсо биз менен бөлүшүӊүз.


 Рубрикадагы соңку кабарлар 

Рейтинг: Рейтинг 4 
Комментарийлер(7)
02.07.2018. 16:33 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+4
Таланттына тан бердим!! Керемет суроттор)))
Tansuluu09 түзөттү 2018-07-02 16:34:14
02.07.2018. 17:12 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+5
Өзүнчөле башка дүйнөдөдө жүргөндөй болот экенсин кээ бир сүрөттөрүн көрсөн. Эне бала темасындагы сүрөттөрдөн өзүмдү көрдүм...
02.07.2018. 22:24 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+4
Молодец. Укмуш экен
03.07.2018. 01:32 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+1
Жылдыз айым азаматсың!Александрга да терең ыраазычылык, сенин талантыңды түшүнгөн, колдогон. Ари менен Камиге бактылуу балалык! Супер инфо рахмат, жан дүйнөмдө чоң өзгөрүү... Ушунчалык жеңилдеп, өзүнчө бир ырахат алдым.
03.07.2018. 03:56 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+3
Ииий мен азыр ана аялга окшоп атам эки балам газда тамак кылсам кичинеси этектеп чону чай эле чай нан эле нан деп атат. Айылда кенири жеп бул жакта окшошпой жатат окшойт
03.07.2018. 04:29 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
ммм
03.07.2018. 11:20 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
ваууу
1
Комментарий калтыруу үчүн өз ысымыңыз менен кириңиз же каттоодон өтүңүз.
 
 
Бөлүмдүн статистикасы
соңку 15 мүнөт ичинде колдонуучу (Катталган: , коноктор: ) бул кабарды окуду:

Кабарлардын саны:
195263;
 
Маалымат-маанайшат порталы
2006-2025 © SUPER.KG
Кыргыз Республикасы, Бишкек шаары,
Турусбеков 109/1
SUPER.KG порталына жайгаштырылган материалдар жеке колдонууда гана уруксат.
Жалпыга таратуу SUPER.KG порталынын редакциясынын жазуу түрүндөгү уруксаты менен гана болушу мүмкүн.
p
Рейтинг@Mail.ru
Биз социалдык тармактарда: