super.kg logo

Жаш сүрөтчүлөр Бишкек шаарын жана шаардын тургундарын сүрөттөрү аркылуу чагылдырышты (фоторепортаж)

 

Бүгүн, 1-июлда Гапар Айтиев атындагы көркөм сүрөт музейинде #Art140bishkek аталышындагы айлана-чөйрөгө аяр мамиле жасоого үндөгөн сүрөт көргөзмө ачылды. Ага шаар тургундары, коноктор жана сүрөтчүлөр катышты.

Иш-чара мыкты эмгектин авторлоруна сертификат жана дипломдорду тапшыруу менен башталды.

Туризм департаментинин директору Азамат Жаманкулов аталган көргөзмө Бишкек шаарынын 140 жылдыгынын алкагында өткөрүлүп жатканын айтып, ушул сыяктуу көгөзмөлөр өлкөнүн башка аймактарына да жайылтыларын билдирди.

Бул иш-чарага карата сүрөтчүлөр жана фотографтар арасында конкурс жарыяланган. Бүгүн анын жыйынтыгы чыгып, мыкты эмгектер шаар тургундарына жана конокторго көрсөтүлүп жатат. Конкурстун катышуучулары Бишкек шаарын кандай элестете турганын өз эмгектери аркылуу көргөзүп беришти”, - деди Жаманкулов.

Иш-чаранын катышуучусу Валерия Хегай конкурска өз эмгектерин жөнөтүп, “Бакыт” номинациясына ээ болгонун айтты.

Мен турак үйдүн, шаар тургундарынын жана балдардын сүрөтүн тарткам, эмгектерим көрүүчүлөргө тартууланып жатканына кубанычтамын”, - деди жаш сүрөтчү.

Аталган иш-чара Бишкек шаардык мэриясы жана Маданият, маалымат жана туризм министрлигинин колдоосу менен уюштурулду.






 
Урматтуу колдонуучу! Эгер сизде коомчулуктун көңүлүн буруп, талкууну талап кылган жаңылыгыӊыз болсо биз менен бөлүшүӊүз.


 Рубрикадагы соңку кабарлар 

Рейтинг: Рейтинг 0 
Комментарийлер(0)
Комментарий калтыруу үчүн өз ысымыңыз менен кириңиз же каттоодон өтүңүз.
 
 
Бөлүмдүн статистикасы
соңку 15 мүнөт ичинде колдонуучу (Катталган: , коноктор: ) бул кабарды окуду:

Кабарлардын саны:
195263;
 
Маалымат-маанайшат порталы
2006-2025 © SUPER.KG
Кыргыз Республикасы, Бишкек шаары,
Турусбеков 109/1
SUPER.KG порталына жайгаштырылган материалдар жеке колдонууда гана уруксат.
Жалпыга таратуу SUPER.KG порталынын редакциясынын жазуу түрүндөгү уруксаты менен гана болушу мүмкүн.
p
Рейтинг@Mail.ru
Биз социалдык тармактарда: