super.kg logo

Кыргыз өлкөсү Казакстанга өткөрүп берген активист Муратбек Тунгышбаев эки айга камакка алынды

 

Кыргыз Республикасы Казакстанга өткөрүп берген активист жана блоггер Муратбек Тунгышбаев тергөө аяктаганга чейин эки ай камакта болот. Бул тууралуу анын жактоочусу Гүлнара Жуаспаева айтканын казакстандык басылмалар жазып чыгышты.

"Алмалы Тунгышбаевди үй камагына алуу чечимин чыгарып, тергөөчү тиешелүү документтерди даярдай баштаган. Бирок прокуратуранын нааразылыгынан кийин ишти шаардык сот карап, Тунгышбаевди эки айга камоо чечими чыгарылды", - деди Жуаспаева.

Анын айтымында, Муратбек Тунгышбаев учурда Алматыдагы Си-18 тергөө абагында камакта. Адвокат активист менен дүйшөмбү күнү жолугууну пландап жатат.

Айта кетсек, Ушул жылдын май айында Казакстандын Башкы прокуратурасы Кыргыз бийлигинен активистти экстрадициялоону суранган. Казак бийлиги аны бул өлкөдө тыюу салынган, бозгундагы оппозиционер Мухтар Аблязовдун “Казакстандын демократиялык тандоосу” кыймылын колдойт деп эсептейт. Муратбек Тунгышбаев Астананын өтүнүчү менен 10-майда Бишкекте кармалган. 25-июнь күнү Октябрь райондук соту Башкы прокуратуранын Муратбек Тунгышбаевди экстрадициялоо чечимин колдогон.

Буга байланыштуу "Human Rights Watch" (HRW) укук коргоо уюму Кыргыз тарап мындай чечимди кабыл алуу менен эл аралык милдеттенмелерди эске албай жатканын жарыялаган.






 
Урматтуу колдонуучу! Эгер сизде коомчулуктун көңүлүн буруп, талкууну талап кылган жаңылыгыӊыз болсо биз менен бөлүшүӊүз.


 Рубрикадагы соңку кабарлар 

Рейтинг: Рейтинг 0 
Комментарийлер(0)
Комментарий калтыруу үчүн өз ысымыңыз менен кириңиз же каттоодон өтүңүз.
 
 
Бөлүмдүн статистикасы
соңку 15 мүнөт ичинде колдонуучу (Катталган: , коноктор: ) бул кабарды окуду:

Кабарлардын саны:
195263;
 
Маалымат-маанайшат порталы
2006-2025 © SUPER.KG
Кыргыз Республикасы, Бишкек шаары,
Турусбеков 109/1
SUPER.KG порталына жайгаштырылган материалдар жеке колдонууда гана уруксат.
Жалпыга таратуу SUPER.KG порталынын редакциясынын жазуу түрүндөгү уруксаты менен гана болушу мүмкүн.
p
Рейтинг@Mail.ru
Биз социалдык тармактарда: